Аймак

УКУК КОРГООЧУЛАР АЛМАТЫДА КАРМАЛГАН ТАЖИК АКТИВИСТИН ЭКСТРАДИЦИЯ КЫЛБООГО ЧАКЫРЫШТЫ

УКУК КОРГООЧУЛАР АЛМАТЫДА КАРМАЛГАН ТАЖИК АКТИВИСТИН ЭКСТРАДИЦИЯ КЫЛБООГО ЧАКЫРЫШТЫ

 929 Бардыгы /

Тажикстандык укук коргоочулар казак бийлигине кайрылып, 4-мартта Алматыда кармалган тажик активисти Мухаммад Тагоевди Душанбеге өткөрүп бербөөгө чакырышты.

Алардын айтымында, Тагоев саясий көз карашы жана жарандык активдүүлүгү үчүн Тажикстанда кыйноого кабылып, узак мөөнөткө соттолушу мүмкүн.

Алматы соту 7-мартта активисттин бөгөт чарасын карап, аны 40 суткага камакка алуу чечимин чыгарган. Азырынча аны экстрдициялоо боюнча сот иши качан башталары белгисиз.

Соттун материалдарына ылайык, Мухаммад Тагоев Тажикстанда «Күч менен конституциялык түзүлүштү кулатууга чакырык жасоо» беренеси боюнча айыпталууда. Ал өткөн шаршемби күнү тажик бийлигинин өтүнүчү менен кармалган.

Тажик басылмаларынын маалыматына караганда, Душанбе бийликти сындап жүргөн активистти экстремизмге айыптап, аны эл аралык издөөгө жарыялаган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17