Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
3,680 Бардыгы / Кара-Сууда өндүрүлөт Тогуз жолдун тоомунда жайланышкан Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Ош-Дюбек” акционердик коомунун, мындайча айтканда, тамеки заводунун цехтеринде таң аткандан каш карайганга дейре иш ыргагы токтобойт. Бул азаматтардын бир күндүк жумушуна ар тараптан терең абай салып, ак эмгегинен баар таап, мээнетинен чындап ырахат алгандарга абдан суктанып кайттык.Өзү жумушчу калкы дээринен ойго бай, бирок, […]
3,681 Бардыгы / Кара-Сууда өндүрүлөт Тогуз жолдун тоомунда жайланышкан Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Ош-Дюбек” акционердик коомунун, мындайча айтканда, тамеки заводунун цехтеринде таң аткандан каш карайганга дейре иш ыргагы токтобойт. Бул азаматтардын бир күндүк жумушуна ар тараптан терең абай салып, ак эмгегинен баар таап, мээнетинен чындап ырахат алгандарга абдан суктанып кайттык.Өзү жумушчу калкы дээринен ойго бай, бирок, […]
СТАЛИН ЧЕККЕН ТАМЕКИ
04.04.2014 / Автор Orozaly3,682 Бардыгы /
Кара-Сууда өндүрүлөт
Тогуз жолдун тоомунда жайланышкан Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Ош-Дюбек” акционердик коомунун, мындайча айтканда, тамеки заводунун цехтеринде таң аткандан каш карайганга дейре иш ыргагы токтобойт. Бул азаматтардын бир күндүк жумушуна ар тараптан терең абай салып, ак эмгегинен баар таап, мээнетинен чындап ырахат алгандарга абдан суктанып кайттык.
Өзү жумушчу калкы дээринен ойго бай, бирок, сөзгө аьдан сараң келишет эмеспи. Ошондуктан, күбөн чекесинен кепке тартсак, тарткынчыктап үндөбөй, же ишине чындап алаксып кутулуп жатышта.
– Шартыбыз, өзүңүздөр көргөндөй, абдан жакшы, – деп кепке аралашты аталган заводдун медииициналык борборунун фельдшери Шарапат Ахмеджанова. – Жумушчуларабыз күн сайын эки маал (түштө жана кечинде) бекер тамактанышат. Тамак-ашыбыз абдан калориялуу. Ошону үчүн бизде сыркоологондор дээрлик жокко эсе. Антсе дагы ар бирин милдеттүү түрдө ай сайын медииициналык кароодон өткөрүп турабыз. Бирок, тамеки өндүрүү эзелтен опурталдуу тармак болгондуктан, булар карагында эс алууга чыгышканда пенсиясын көбөйтүү жагы мамлекет тарабынан чукул арада чечилсе, мындан, албетте, баарыбыз утмакпыз. Маселен, мен билгенден ветринардык лабораторияларда иштегендерге пенсиясы дайым өкөбөйтүлөт экен. Алар бизге караганда бул турмушта азыраак азап чегишет эмеспи.
Ал эми техникалык коопсуздук жана эмгекти туруктуу коргоо маселеси дагы туруктуу жолго коблгандыгын аңдоо анчалык кыйын эмес.
– Убагында улуу жолбашчы Сталин чеккен тамекини туруктуу өндүргөн биздин ишканеага мамлекет сокур тыйын дагы каралашпайт. Базар экономикасынын шартында өз киндигибизди өзүбүз кесип, бутубузга турганга жарадык, – деп агынан жарылды ишкананын коопсуздук жана эмгекти коргоо боюнча инженери Бурканбек Султанов. – Ошону үчүн бизге инвестор эмнеге келет, кетет? Тескерисинче, бардык түйшүктү өзүбүз көтөргөнгө көндүк.
Ошентсе да, ишкананы дагы көн сайын узагыраак иштетүүү жагынан электр энергриясы тамеки заводунда олуттуу көйгөй экендигин даана байкадык.
– Көрдүңүздөр го, биздин экономикабыз электр энергиясына түздөн-түз көз каранды, – дейт ишкананын башкы энергетиги Кадырали Мамасейитов. – Ишканага жаңы жакбыктарды орнотуу чындап аздык кылат. Бизге саат сайын 600 килловат кубаттуулуктагы ток жетишсиз. Кур дегенде 800 киловаттан кем эмес кубаттуулукту үзгүлтүксүз камсыз этсек, азыркыдан дагы көбүрөөк продукция өндүрмөкпүз.
Бул кашкайган чындыкты “Кыргызтамекиси” мамлекеттик акционердик корпорациясына караштуу “Ош-Дюбек” акционрдик кооомунун башкармалыгынын төрагасы Сыргак Ибраев дагы ачык моюндады.
– Бизди кыйла жылдан бери мамлекет эч каржылыбайт, – деп агынан жарылды Сыргак Ибраев. – Ошентсе да, инвестициялык климатыбыз, кудайга шүгүр, турукташып калды. 2012-жылдан бери Төркиянын “Сунел Табак” жабык акцтонердик коому туруктуу өнөктөшүбүз. Сезондуу жумушка жалаң жергиликтөө тургундарды тартабыз. Учурда Кара-Суу райоунун Жаңы-Арык, Өзгөн районунун Куршап кыштактарынан 800 чакты жумугчу эмгектенет. Ар бири орточо 10-12 миң сомдон маяна алышат. Оштун шартында бул абдан жакшы айлык.
Сыргак Ибраев учурда тамеки заводу өндүрүп жаткан 500 тонна алар үчүн чек эмес экендигин жашырган жок.
– Жыл сайын 10 миң тонна сары алтын өндүргөнгө кудуретибиз жетет. Ага улай дагы 600-700 кишини туруктуу жумуш менен камсыздайт элек, – дейт Сыргак Ибраев. – Тегерегибиздеги айыл-кыштактарда мөмө-жемиштерди абдан көп өндүүүрүшөт. Ошол себептөө быйыл заводдун алкагында мөмө-жемиштерди кайра иштетүү цехин ачууну пландаштырдык. Куда кааласа, ички мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, бул максатыбзды сөзсүз жүзөгө ашырабыз.
Күрдөөлдүү ишкананын жетекчиси Сыргак Ибраев сөз арасында тамеки заводу ушул тапта 100 миллион сомдук кыска мөөөнөттүү кредитке муктаж экендигин билдирди.
– Дүйнөлүк практикада ушундай. Өкмөт бизге сукул арада каралашса,
жумуш орундарын дагы көбөйтүп, өлкө экономикасын дагы көтөргөнгө мындан ары дагы туруктуу каралашат элек, – дейт Сыргак Ибраев.
Аман турсак, Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Ош-Дюбек” акционердик коомунун асыл тилеги аткарылып, Кыргыз Өкмөтү түштүктөгү жападан жалгыз тамеки ишканансына чукул арада каражат жагынан каралашып калаттыр…
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Кара-Суу району
Сүрөттүр автордуку
Автор Orozaly
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТОГУ ООРУКАНАДА КҮН САЙЫН 300 ЧАКТЫ АНАЛИЗ ЖАСАЛАТ
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН КАРАМАГЫНА ӨТКӨРҮЛГӨН АЙЫЛДАРДА “ТЕЗ ЖАРДАМ” БЕКЕР АЧЫЛАТ
-
-
30.06.2023 / Автор anarkan_kg МАДОННА ООРУКАНАГА ТҮШҮП, ДҮЙНӨЛҮК ТУРНЕСИН КИЙИНКИГЕ ЖЫЛДЫРДЫ
-
12.07.2023 / Автор anarkan_kg ТАШ-КӨМҮР ШААРЫН АСФАЛЬТТООДО 29 МИЛЛИОН СОМ ЖЫМЫРЫЛГАН
-
04.08.2023 / Автор anarkan_kg ОРУСИЯДА КЫРГЫЗСТАНДЫК ТАКСИСТТИН САБАЛЫШЫ БОЮНЧА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.