Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
2,955 Бардыгы / Тагдыр сага кандай гана сыноо жибербесин сөзсүз ийгиликке жетишээриңе чын ниетиңен ишенип, болгон аракетиңди жумша.1. Сага жаккан ишти гана жаса. Билим ал. Өнүккөнгө аракет кыл. Өзүңдүн ички дүйнөңдү өзгөрт. Эң башкы эрежеге ылайык сен – сага чыныгы ырахатты тартуулаган гана ишти жасашың керек, ошондо сен бир канча эсе өзүңдү бактылуу сезесиң.2. Күндө ичип, […]
2,956 Бардыгы / Тагдыр сага кандай гана сыноо жибербесин сөзсүз ийгиликке жетишээриңе чын ниетиңен ишенип, болгон аракетиңди жумша.1. Сага жаккан ишти гана жаса. Билим ал. Өнүккөнгө аракет кыл. Өзүңдүн ички дүйнөңдү өзгөрт. Эң башкы эрежеге ылайык сен – сага чыныгы ырахатты тартуулаган гана ишти жасашың керек, ошондо сен бир канча эсе өзүңдү бактылуу сезесиң.2. Күндө ичип, […]
Сенин жашооңду өзгөртө турган 17 эреже
10.01.2014 / Автор Orozaly2,957 Бардыгы /
1. Сага жаккан ишти гана жаса. Билим ал. Өнүккөнгө аракет кыл. Өзүңдүн ички дүйнөңдү өзгөрт. Эң башкы эрежеге ылайык сен – сага чыныгы ырахатты тартуулаган гана ишти жасашың керек, ошондо сен бир канча эсе өзүңдү бактылуу сезесиң.
2. Күндө ичип, жеп, чеккен акыр-чикирден баш тарт.
3. Чет тилдерди үйрөн. Кыргыз тилин колдонгон интернет колдонуучулар 1 миллионго жетпейт. Орус тилин билген интернет колдонуучулардын саны 60 миллион. Ал эми англис тилинде сүйлөгөн колдонуучулар миллиард. Учурда англис тилин билүү интеллегенттердин билермандыгы эмес, бул турмуш зарылчылыгы.
4. Китеп оку. Кеминде бир жумада бир китеп окуп (же угуп) туруу зарыл. Жылына 50 китеп болот. Ал сенин жашооңдун маңызын өзгөртөт.
5. Ар бир дем-алыш күндөрүңдү маңыздуу өткөр.
6. Алдыңа максат кой, аларды кагазга түшүр. Башкысы, максаттар так, түшүнүктүү жана алыңа жараша болушу керек.
7. Клавиатураны карабай туруп тергенди үйрөн. Убакыт – бул сенин кенчиң. Ойлогон оюңан артта калбай тергенге жетишкенге аракет кылуу керек. Ойлонуп жатып сен кайсы тамга кайсы жерде жайгашканына убакыт коротпой, эмне тууралуу жазып жатканыңа көңүл бөлгөнүң туура.
8. Убакытты ооздукта. Өз иштериңдин ирээтин уюштуруп жатып сенин катышың жок деле өзү улана бергидей деңгээлге жетиш. Алгач Алленди (Getting Things Done)же Глеб Архангельскийди окуп чык. Чечимдерди тез ыкчам кабыл алып, эртеңкиге калтырба. Иштин баардыгын азыр аткар же бирөөгө тапшыр.
9. Компьютер оюндарынан, социалдык тармактардагы максатсыз убакыт өткөрүүдөн жана жөн эле интернет чукулап отуруудан баш тарт. Социалдык тармактагы баарлашууну минималдаштырып, бир эле аккаунт калтыр. Үйүңдөгү телевизор антеннасын талкалап сал.
10. Жаңылыктарды окубай эле кой. Эмне болуп жатканын айланадагылардан эле билип аласың. Алар маанилүү окуяларды тынымсыз талкуулашат.
11. Эрте турганды адат кылып ал. Парадоксту ушундан көр – эртең мененки убакытта жетишкен иштериңе кечкисин такыр үлгүрбөйсүң. Адам баласынын тамактануусу жана кыймыл аракети калыбында болсо күнүнө 7 саат гана уйкуга батуу жетиштүү.
12. Айланаңа чынчыл, ак ниет, ачык-айрым, акылдуу жана ийгиликтүү адамдарды чогултканга аракет кыл.
13. Спорт менен алектен. Йога, велосипед, турник, футбол, сууда сүзүү, жөн эле чуркоо бул адамдын денесин тонуста кармап, эндорфиндердин көп бөлүнүүсүнө алып келген чыныгы достор. Лифт эмне экенин унутта калтыр.
14. Өзгөчө иштерди жаса. Эч качан бара элек жерге барып кел, жумушка башка жол менен бар, такыр түшүнбөгөн маселени чечкенге аракет кыл. «Комфорт зонасынан» чыгып, билимиңди жана дүйнө таанымыңды кеңейт. Үйүңдөгү эмеректерди орун алмаштырып, сырткы келбетиңди, чач жасалгаңды өзгөрт.
15. Эски-уску буюмдарыңды бүт ыргытып сал.
16. Өткөн чакты унутта калтыр. Өтүп кеткенден өзүң үчүн билим, тажрыйба, жакшы мамиле жана жагымдуу элестерди гана алып кал.
17. Коркпо. Ашып өткүс адыр жок, кыйынчылыктын бардыгын жеңсе болот, күмөн саноолор сенин башыңда гана түнөк табышы мүмкүн. Аларга орун бербе. Алдыңа койгон максатыңды анык билип, тагдыр сага кандай гана сыноо жибербесин сөзсүз ийгиликке жетишээриңе чын ниетиңен ишенип, болгон аракетиңди жумша.
Кожобек Тыныч, «КАБАР ОРДО», 24.12.13-ж.
Автор Orozaly
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК МИЛИЦИОНЕР ЗАМАТТА ҮЧ БАЛАГА АТА БОЛДУ
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ
-
23.11.2023 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДА ЭКИ НӨӨМӨТ МЕНЕН ИШТЕГЕН БАЛА БАКЧАЛАР АЧЫЛАТ
-
04.12.2023 / Автор anarkan_kg ТҮРМӨДӨ МАҢЗАТ САТЫЛАТ!
-
11.12.2023 / Автор anarkan_kg Самат ДҮМҮРОВ: «КАРАВАН – БИЗГЕ КОРИДОР!»
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.