Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
936 Бардыгы / Өзгөн району – Ош облусундагы эң чоң Аймактардын бири. Андыктан, бул чөлкөмдө дыйканчылык менен шугурлангандар дагыле өтө арбын. Булардын баарын тең сезон маалында сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо жагы деги кантти экен? Муну Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Самат МАКЕШОВдон кенен-чонон сураштырдык. -Самат мырза, көз тийбесин! Чындыгында, Аймактагы эң жаш жетекчи экенсиз. […]
937 Бардыгы / Өзгөн району – Ош облусундагы эң чоң Аймактардын бири. Андыктан, бул чөлкөмдө дыйканчылык менен шугурлангандар дагыле өтө арбын. Булардын баарын тең сезон маалында сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо жагы деги кантти экен? Муну Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Самат МАКЕШОВдон кенен-чонон сураштырдык. -Самат мырза, көз тийбесин! Чындыгында, Аймактагы эң жаш жетекчи экенсиз. […]
Самат МАКЕШОВ: “УЛУУ ОКТЯБРЬ РЕВОЛЮЦИЯСЫНА ЧЕЙИНКИ КАНАЛДАРДЫ ДАГЫЛЕ ПАЙДАЛАНЫП КЕЛАТАБЫЗ!”
25.07.2024 / Автор anarkan_kg

938 Бардыгы /
Өзгөн району – Ош облусундагы эң чоң Аймактардын бири. Андыктан, бул чөлкөмдө дыйканчылык менен шугурлангандар дагыле өтө арбын. Булардын баарын тең сезон маалында сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо жагы деги кантти экен? Муну Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Самат МАКЕШОВдон кенен-чонон сураштырдык.
-Самат мырза, көз тийбесин! Чындыгында, Аймактагы эң
жаш жетекчи экенсиз. Айтмакчы, мурун-соң суу чарба тармагында иштеген белеңиз?
-Элибиз айтат эмеспи. “Дарак бир жерден көгөрөт”. Анын
сыңары мен жогорку окуу жайын бүткөндөн кийин эле дароо Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгына материалдык бухгалтер сыңары жумушка орношкомун. 2011-жылдын 14-мартына дейре ушул эле ишканада башкы бухгатердик кесипти дагы абдан абийирдүү аркаладым. Дал ошол көп жылдык тажрыйбамды жана иштин көзүн билгендигимди эске алышып, ушул жылдын 19-мартында мени Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси кылып дайындашты. Ошондуктан, моминтип дагыле камчы салдырбастан гана тынымсыз иштеп келатамын.
-Жооптуу тармакты башкарганга тажрыйбаңыздан
тышкары билимиңиз деле жетиштүүдүр?
Албетте! Кыргыздар айтмакчы, “Тоокту деле касапчы
сойгону” оң эмеспи. Адегенде 2006-2010-жылдарда Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы Ош технологиялык университетинин бухгалтердик эсеп жана аудит адистигине окугамын. Кийинчерээк, тактап айтканда, 2019-2023-жылдарда Бишкек шаарындагы К. И. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Айыл чарба университетинин (азыркы Айыл чарба Академиясынын) инженер-гидротехник адистигине ээ болдум. Демек, бүгүнкү иш тажрыйбамда дал ушул тапта эки адистиктин тең пайдасы куп гана тийип жаткан чагы
-Ушул мезгилде Өзгөн жергесинде деле сугат суу сезону
ыраса кызыбадыбы. Сиздердеги канча канал канча чакырымды сугат суу менен тейлеп жаткан маалы?
–Биздин башкармалык үзгүлтүксүз тейлеген жалпысынан 23
каналыбыз бар. Булардын арасынан Кочкор-Ата, Мырза-Куршаб, Бостон, Мырза, Кум, Өзгөн, Жаңы, Атамкул-1, Кара—Жыгач-1, Кара-Дыйкан, Атамкул-2, Ак-Жар, Эски Жамантай жана Баш-Дөбө каналдары 1917-жылга – Улуу Октябрь революциясына чейин эле курулган. Көрдүңүздөр го. Дээрлик ээскирип бүттү. Ал эми Совет доорунда Өзгөн каналы 1943-жылы, Кара-Кыя каналы 1967-жылы, Жаман-Адыр каналы 1980-жылы жана Могол каналы 1982-жылы казылган. Булар дагыле эскилиги жеткенине карабастан, ошол нугунда гана агып келатат.
Мындан тышкары биздин аймакта Шоро-Башат, Кароол жана Жаман-Адыр суу насостук бекеттерибиз бар. Азыркы тапта дал ушул үчөө аркылуу Өзгөн районунун дыйкандарын жана тургундарын жетиштүү сугат суу менен калыс жана толук кандуу камсыз этип гана келатабыз.
-Соңку күндөрдө таптакыр көз ачырбай жааган жамгыр
Өзгөн жергесин деле кыя өтпөгөндүр?
-Албетте! Ош облусунун башка Аймактары сыяктуу биз деле
нөшөрлөп төккөн жамгырдын азабын куп гана тарттык, эй! Чындыгында, заманбап техникаларга абдан муктаж элек. Кыргыз Өкмөтү атайын тендер өткөрүп жатпайбы. Ошентип, кудайга шүгүр, биздин ишканабызга дагы жапжаңы эксковатор жана жүк жүктөгүч техникалар келе баштады.
-Самат мырза, убагында Сталин “Кадрлар баарын
чечишет” деп таамай айтканы бар. Бул учкул сөз азыр деле маанисин жогото элек. Деги Сиздерге жаш жана жаңы адистер келе баштадыбы?
-Жаш адистерди ишке тартканга биздин аракетибиз дагыле
күч! Тилекке каршы, биздикилердин маянасы төмөн. Кайра кетип калып жатышат. Же уккандар деле бизге жолошпойт!
МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
Ош облусуна караштуу Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Самат МАКЕШОВ 36 жашта. Бир уулдун, үч кыздын атасы. Өмүрлүк жубайы Нурзаида МАМАТОМОРОВА – дарыгер.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
14.01.2025 / Автор anarkan_kg АЙЫЛ ЧАРБАСЫН КӨТӨРҮҮ БАГЫТЫНДА ЖЫЙЫН ӨТТҮ
-
22.01.2025 / Автор anarkan_kg КАРА-СУУДА МУКТАЖ ЭМЕС ЭЛЕ ЖАРАНДАРГА ЖӨЛӨК ПУЛ БЕРИЛИП КЕЛГЕН
-
30.01.2025 / Автор anarkan_kg «НЕФТЧИ» ОКУУ-МАШЫГУУ ЖАРАЯНЫН ТУРКИЯДА ӨТКӨРӨТ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.