Аймак

Кыргыз эмес экениме өкүндүм

 3,455 Бардыгы /

Кыргыз эмес экенимди 16 жашымда билдим. Ата – энем, элим, жерим, тоолор бары мага тиешеси жок экенин билип таарындым, ыйладым, өзүмө келе албай эс-мас болуп көпкө жүрдүм. Анда башынан баштайын. Эс тартканы эле бийик тоолуу эл аз жашаган айылда жашаганымды билем. Кийин билсем Баткен областына караштуу Зардалы айылы экен. Азыркыдай техника, телевизор, радио, телефон эмес свет да жок эле. 90-жылдар экен, жашоо оор же жеңил экенин деле билбептирмин, жалпы эл бирдей жашаар эле. Тоонун боорунан суу ташыйбыз, отун чогултабыз, бирин серин малды карайбыз кыскасы күнүмдүк тиричилик менен жылдар өтө бериптир. Согуш башталып айылыбызга ок жаап, бомба түшө баштаганда мен 10-12 жашта элем. Эмне болуп жатканын деле жакшы түшүнбөптүрмүн, ар кимибиз бир нече топко бөлүнүп тоого бир качабыз, ал жактан өлтүрүп жатышыптыр дегенди угуп айылга келип үйлөргө жашынабыз, айтор дүйнө аяктагансып ар кайсы бурчта жашынып жүрдүк, түнкүсүн тынч уктамай жок, атышкан үндөр угулат, апалар ыйлайт! Ага чейин деле айылдагылар “биз кыргызбыз, тоолук элбиз” деп сыймыктанчыбыз эле согуштан кийин андан бетер өлкөнү биз коргоп калгансып көпкө ал күндөрдү айылда сөз кылып жүрдүк. Мектеп, окуу деген түшүнүк такыр болгон жок, тамга тааныбайм, акчаны билбейм, (мен ал жактан кеткенден кийин кече жакында эле жаңы мектеп курулганын угуп сүйүндүм). Азыр ойлосом кыргыз 100 жыл мурда кантип жашаган болсо биз дагы (өзгөчө мен) ошондой болуп жашаптырбыз. Ата –энем карыган болчу, 16 жашка чыкканда алар мени 1,5 жашымда багып алышканын айтты! Мен өткөн кылымдын 80-жылдардын аягында Афганистанда туулуптурмун, ал жакта согуш кызып аткан маалда өз ата-энем, жакындарым баары каза болушуптур. Кандайча келип калганымды билбейм, азыркы атамдын туугандары мени берип кетишиптир. Ошентип чоңойуп калганда элди жерди көрүшүң керек деп мага акча санаганды үйрөтүп, анча-мынча маалыматтарды айтышып Оштон келген туугандарга кошуп Ошко окууга жөнөтүштү. Ушунча көп эл бар экенин көрүп таң калдым! Укмуштуудай салынган көп кабатту үйлөр, машиналар, телевизорду ошондо 1-жолу көрдүм! Албетте билимим жетишпей окубай калып, иштегенге өттүм, бирок ошондо да билбегендин баарын билип башыма маалымат толтуруп жетишпей жаттым. Өзүм теңдүү балдар таң калып жүрүштү сен башка планетадан келгенсиңби деп.. жер тоголок экенин, башка мамлекеттер бар экенин, океан, суу деги койчу баарын ошондо жаңы билдим! 21-кылым болсо да Зардалы азыркыга чейин Кыргызстандагы эң артта калган аймак..

Хасан

(студенттин күндөлүгүнөн 11-октябрь, 2008-жыл) Болгон окуялар группасынан алынды

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17