Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
«ЖЕР МУНАПЫСЫН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОБОНУ БЕКИТҮҮ ТУУРАЛУУ” САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
Сакалды айыл аймагы ТООРУК АРКЫЛУУ САТУУ ТУУРАЛУУ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
АУКЦИОН САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
СЫНАК АК-СУУ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНДУК САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

USAID ЖАНА КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮ COVID-19ГА КАРШЫ ЭМДӨӨНҮ ЖОГОРУЛАТУУ МАКСАТЫНДА ТЫГЫЗ КЫЗМАТТАШАТ

USAID ЖАНА КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮ COVID-19ГА КАРШЫ ЭМДӨӨНҮ ЖОГОРУЛАТУУ МАКСАТЫНДА ТЫГЫЗ КЫЗМАТТАШАТ

 219 Бардыгы /

БИШКЕК. АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID), Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Баткен, Жалал-Абад, Чүй облустарында жана Бишкек шаарында эмдөөнүн көлөмүн жогорулатуу максатында үзгүлтүсүз иш алып барышмакчы. Аталган иш-чаралар саламаттыкты сактоо тармагындагы адистерди окутууну, иш-чарага жергиликтүү активисттерди тартууну жана дагы COVID-19 вакцинациясынын артыкчылыктары жөнүндө маалыматты ыкчам таратууну ичине камтыйт. Ошентип, бул маанилүү иш-чаралар ушул жылдын 10-ноябрында өткөн COVID-19га каршы аракеттерине арналган өнөктөштүк жыйындын негизги темасына айланды.

Баса, аталган жолугушуунун жүрүшүндө USAID эпидемиологиялык маалымат, саламаттыкты сактоо тармагындагы адам ресурстарын башкаруу жана COVID-19 инфекциясынын жайылышын алдын алуу жана эмдөөнү көбөйтүү үчүн стратегиялар менен кеңири тааныштырды. Буга дейре Чүй облусунун үч районунда калкты эмдөө боюнча USAIDдин колдоосу аркасында жүргүзүлгөн иш-аракеттердин аркасында эмдөө деңгээлин 8 пайызга жогорулатууга мүмкүндүк жаралды. Ушундай эле иш-чараларды эмдөө деңгээли өтөт төмөн Баткен, Жалал-Абад жана Чүй облустарында, ошондой эле Бишкек шаарында дагы өткөрүү пландаштырылууда. Мунун негизги максаты – кыргызстандыктардын ден соолугуна олуттуу коркунуч туудурган COVID-19 вирусунун жаңы түрлөрүнүн пайда болушуна таптакыр жол бербөө.

  • Баса, АКШ менен Кыргыз Республикасынын COVID-19га каршы

күрөшүү боюнча кызматташтыгынын алкагында 4 миңден ашык дарыгерлер, лаборанттар жана башка адистер COVID-19 аныктоо, алдын алуу жана дарылоо боюнча окуудан өтүштү, – деп билдирди USAIDдин саламаттык сактоо жана билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ниша Гупта. – Мындан тышкары USAID Кыргыз республикасы боюнча түрдүү медициналык мекемелердин ишин күчөтүү максатында 1,4 млн долларлык жабдууларды дагы тартуулады. Бул жабдуулар COVID-19 менен гана эмес, башка жугуштуу оорулар менен күрөшүүдө дагы өтө маанилүү. 

Айтмакчы, пандемия – таажы илдети башталгандан бери USAID Кыргыз Республикасына COVID-19 менен күрөшүү үчүн жалпысынан 10 миллион АКШ доллардан ашык каражат ажыратты. АКШ ошондой эле COVAX мекемеси аркылуу Pfizer-BioNTech вакцинасынын 450 миң дозасын дагы тапшырды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17