Аймак

ТАЖИКСТАНДЫН ЭМГЕК МИНИСТРЛИГИ: ОРУС АБАКТАРЫНДАГЫ ТАЖИК ЖАРАНДАРЫ УКРАИНАДАГЫ СОГУШКА ӨЗ ЫКТЫЯРЛАРЫ МЕНЕН БАРГАН

ТАЖИКСТАНДЫН ЭМГЕК МИНИСТРЛИГИ: ОРУС АБАКТАРЫНДАГЫ ТАЖИК ЖАРАНДАРЫ УКРАИНАДАГЫ СОГУШКА ӨЗ ЫКТЫЯРЛАРЫ МЕНЕН БАРГАН

 1,035 Бардыгы /

Тажикстандын Эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу министрлиги Орусиянын түрмөлөрүндө отурган тажик жарандары Украинадагы согушка өз ыктыярлары менен барганын билдирди.

Мекеменин Эмгек мигранттары менен иштешүү бөлүмүнүн башчысы Шухрат Ахмадзоданын айтымында, “жаза мөөнөттөрүн өтөп жаткан тажикстандыктар Украинадагы согушка Орусиянын мыйзамдарына ылайык жана өздөрү макулдук бергенден кийин” мобилизацияланган. Аткаминер бүгүнкү күндө орус түрмөлөрүндө канча тажик жараны камакта отурганын тактап айткан жок.

Ал ортодо абактан Украинага жөнөтүлүп, ал жерде өлгөн тажикстандыктардын жакындары аларды согушка күч менен алып барышканын билдирүүдө.

Архангельск шаарындагы абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 39 жаштагы Максад Курбоновдун атасы Файзулло Курбоновдун айтымында, уулун согушка мажбурлап алып барышкан жана ал Бахмут шаарына жакын жердеги салгылашуу маалында өлгөн. “Уулум менен акыркы жолу өткөн жылы октябрда телефондо сүйлөшкөм. Анда Максад аларды Мариуполь шаарына жөнөтүп жатышканын айткан. Мен андан “мажбурлаштыбы же өз каалооң менен баратасыңбы?” деп сурагам. Ал “түрмө башчысы Мариуполго жөнөтүү үчүн 100дөн ашык кишинин тизмесин түзгөнүн” айтып, “телефон чалбай калсам тынчсызданбагыла” деген”, – деди Файзулло Курбонов.

Орус түрмөлөрүнөн Украинадагы согушка жөнөтүлгөндөн кийин өлгөн тажик жарандарынын так саны тууралуу маалыматтар жок. “Озоди” радиосу өз булактарына таянып, абактан согушка барган 10 тажикстандык каза болгонун кабарлады. Алардын алтоонун сөөгү Тажикстанга жеткирилген.

Тажикстандын бийлиги өз жарандарынын Украинада өлгөнү тууралуу кабарлар боюнча комментарий бербей келет.

Укук коргоочу Каримжон Ёровдун айтымында, орус түрмөлөрүндө камакта отурган 10 миңге жакын тажикстандыктын 1,5 миңи өз каалоосу менен Украинадагы согушка барышы мүмкүн. Алардын көбү өмүр бою эркинен ажыратылгандар же маңзат ташып колго түшкөндөр болушу ыктымал.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17