Аймак

ЗЕЛЕНСКИЙ КҮЗҮНДӨ “ТЫНЧТЫК САММИТИН” ӨТКӨРҮҮГӨ ЧАКЫРДЫ

ЗЕЛЕНСКИЙ КҮЗҮНДӨ “ТЫНЧТЫК САММИТИН” ӨТКӨРҮҮГӨ ЧАКЫРДЫ

 1,101 Бардыгы /

Шаршемби күнү Украинанын президенти Владимир Зеленский Украина боюнча “тынчтык саммити” ушул күздө өтөрүнө үмүттөнөрүн билдирди.

Ал Сауд Арабияда өтө турган сүйлөшүүлөр ушул максатка карай багытталган кадам экенин белгиледи.

Украин президентинин сайтына жарыяланган билдирүүдө Зеленский 5-6-августта Жиддада өтө турган жыйынга дээрлик 40 өлкөнүн өкүлдөрү катышарын айткан.

Зеленский жана анын командасы “тынчтык саммитин” өткөрүүгө кеңири колдоо табуу үчүн өнөктөштөрү менен иштешүүдө. Форумда согушту токтотуу боюнча аракеттердин негизги принциптери кабыл алынат деп күтүлүүдө. Саммиттин күн тартиби Киев былтыр күздө иштеп чыккан 10 пункттан турган пландын негизинде түзүлөт.

Бул планда белгиленген тынчтык концепциясы Украинанын аймактык бүтүндүгүн толук калыбына келтирүүнү жана өлкөдөн орус аскерлерин толук чыгарууну камтыйт.

Саммит өтө турган жер азырынча аныктала элек.

Украина менен Батыш өлкөлөрүнүн расмий өкүлдөрү Орусия саммитке катышпай турганын айтышкан.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17