Аймак

МИГРАНТТАРДЫН ЖАРДАМЫ АРКАСЫНДА БАТКЕНДЕ МУКТАЖДАРГА БЕКЕР АЗЫК-ТҮЛҮК БЕРГЕН ДҮКӨН АЧЫЛДЫ

МИГРАНТТАРДЫН ЖАРДАМЫ АРКАСЫНДА БАТКЕНДЕ МУКТАЖДАРГА БЕКЕР АЗЫК-ТҮЛҮК БЕРГЕН ДҮКӨН АЧЫЛДЫ

 513 Бардыгы /

          БАТКЕН. Чет мамлекеттерде иштеп жүрүшкөн мекендештердин демилгеси аркасында Баткен шаарында «Элден элге жардам» кайрымдуулук дүкөнү ачылып, ишке киришти. Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан берилген тизменин негизинде гана муктаж үй-бүлөлөр аныкталат.

          Баса, Баткен шаарынын тургундары Жумабай Шакиров, Дамира Шакирова жана Айбек Надировдун демилгеси алгач Орусияда иштешкен кыргызстандыктардын колдоосуна арзыган. Алар дүкөндү каржылоо үчүн атайын эсеп ачышып, а түгүл ай сайын акча которуп турууну дагы макулдашышкан. Ошентип, топтолгон каражатка турмуш-тиричиликке керектелүүчү негизги азык-түлүк алынып, текчелерге коюлат. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана жардамга өтө муктаж жалгыз бой энелер, турмуш шарты өтө оор үй-бүлөлөр келип азык-түлүк алып кетишсе болот. Дүкөн ачылгандан бери 200 адамга пайдасы тийиди.  Аталган демилгени ушул тапта АКШда эмгектенишкен мекендештер, жергиликтүү колунда бар тургундар дагы колдоого алышып, жардам берүүнү каалагандардын барган катары көбөйүп баратат.

          Баса, социалдык дүкөндүн уюштуруучулары муктаж адамдарды аныктоодо жергиликтүү бийлик органдары тарабынан берилген тизменин негизинде гана иш алып барышмакчы. Дүкөн дүйшөмбү, шаршемби, жума жана ишемби күндөрү саат 11:00дөн 16:00гө чейин иштейт. Баткен шаарынын Самат Сыдыков көчөсүндө жайланышкан. Жардам алууну жана берүүнү каалагандар +79629530231 WhatsApp номери аркылуу байланышса болот.

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17