Аймак

ИИМдин МИНИСТРИНИН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ СЕУЛДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК ПОЛИЦИЯ САММИТИНЕ КАТЫШУУДА

ИИМдин МИНИСТРИНИН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ СЕУЛДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК ПОЛИЦИЯ САММИТИНЕ КАТЫШУУДА

 570 Бардыгы /

17-октябрь күнү Корея Республикасынын борбору Сеул шаарында
дүйнөлүк укук коргоо тармагындагы эң маанилүү иш-чарасы – укук коргоо органдарынын мыкты өкүлдөрүнүн башын бириктирген Эл аралык полиция
саммити өтүүдө.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү
кызматынын башчысы милициянын полковниги Уланбек Султанов, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Нурбек Жангабылов болду. Жыйындын жүрүшүндө трансулуттук кылмыштуулукка, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө жана тынчтыкты жана коопсуздукту сактоодо
глобалдык кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиленди.
Мындай иш-чаралар достуктун өнүгүшүн гана көрсөтпөстөн, мындан аркы өнөктөштүк үчүн жакшы түрткү болуп, мамлекеттер ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жана тыгыз өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоо үчүн бекем негиз түзөт.
Азыркы өзгөрүп жаткан заманбап дүйнөдө технологиялык прогресстин акыркы жетишкендиктери кылмыш жасоодо кеңири колдонулууда, кылмыш жасоонун жаңы формалары жана ыкмалары пайда болууда, аларга каршы аракеттенүү аларга каршы күрөшүүдө күч-аракеттерди бириктирүүнү талап кылат. Ушуга
байланыштуу министрлик жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү үчүн чет мамлекеттердин укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө умтулууда.
Саммиттин жүрүшүндө киберкылмыштуулук жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулук тармактары менен күрөшүү маселелери талкууланды. Катышуучулар ошондой эле укук коргоо жана улуттук коопсуздук жаатында тажрыйба менен алмашышты.
Аталган иш-чара глобалдык укук тартибин чыңдоодо олуттуу кадам болуп саналат, ошондой эле бул маанилүү аспектте өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгилейт.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17