Аймак

КАЗАКСТАНДА КЕСИПТИК КОШУУН ЛИДЕРИ 15 СУТКАГА КАМАЛДЫ

КАЗАКСТАНДА КЕСИПТИК КОШУУН ЛИДЕРИ 15 СУТКАГА КАМАЛДЫ

 969 Бардыгы /

Актау шаарынын соту кесиптик кошуун лидери Амин Елеусиновду 15 суткага камоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу анын санаалаштары билдирди. Ага 7-ноябрда Актау шаарында мыйзамсыз митинг өткөрмөк болгон деген айып тагылды.

Полиция “Азаттыктын” казак кызматына Елеусиновдун кармалганын тастыктап, ал 15 суткага административдик камакка алынганын кабарлады.

Полициянын маалыматы боюнча, ал WhatsApp мессенжериндеги “мунай тейлөөчү компаниялардан бошотулган жарандардын” тайпасында 7-ноябрда жолугушуу өткөрүүгө чакырган.

Мангистау облустук ички иштер башкармалыгы 7-ноябрь күнү эртең менен Актау шаарынын борбордук аянтчасында 15 жаран чогулганын билдирди. Акция акимчилик менен макулдашылбаганы кабарланды. Полиция акцияга катышуу үчүн келгендердин баары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

2022-жылы январда Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларында суюлтулган газдын кымбатташына каршы өткөн тынчтык митингинин жүрүшүндө 62 жаштагы Амин Елеусинов акциянын бейформал лидери катары өзгөчөлөнүп турган. 6-январда депутаттар Эдил Жанбыршин жана Самат Мусабаев менен түнкү жолугушуудан кайтып келе жатканда белгисиз адамдар аны күч менен унаага салып, башына баштык кийгизип алып кетишкен. Ал бир күндөн кийин гана бошотулган. Кийинчерээк парламент мажилисинин депутаты Эдил Жанбыршин лидерсиз калган тынчтык митингинин катышуучуларын тарап кетүүгө чакырган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17