Аймак

БАТКЕНДЕ АТКЕЗЧИЛИК АКТИВДЕШТИ

БАТКЕНДЕ АТКЕЗЧИЛИК АКТИВДЕШТИ

 561 Бардыгы /

Үстүбүздөгү жылдын өткөн айларында Баткен облусундагы укук коргоо органдары тарабынан 262 аткезчилик фактысы ашкереленип, буларга дароо бөгөт коюлду. Бул жөнүндө облустагы актуалдуу маселелерди караган атайын кеңешмеде ачык айтылды.

          Маселен, «Баткен» бажысында 204 бажы эрежелерин бузуу фактысы аныкталып, натыйжада 4 милион 724 миң сом айып пул салынып, баары тең  өндүрүлгөн. Аталган фактылардан улам мамлекетке 3 милион 578 026 сом бажы төлөмдөрү дагы төлөнгөн. Ал эми УКМК тарабынан 58 учур аныкталып, мамлекеттик бюджетке 167 милион 483 миң 212 сом өндүрүлдү.

          Аталган кеңешме Баткен облусунун башчысы Абдыкарим Алимбаевдин жетекчилиги астында өтүп, анда облустун аймагында аткезчиликке каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу тийиштүү жетекчилердин маалыматтары тыкыр угулду. Укук коргоо органдарынын маалыматын караганда. акыркы мезгилде Тажикстан менен көзөмөлдөп-өткөрүү бекеттери расмий түрдө жабык болгондугуна байланыштуу коӊшу мамлекеттин чек арага чектеш аймактарында айрым товарларга талаптардын көбөйүүсү менен аткезчилик ишмердигинин гана күчөшүнө өбөлгө түзүлүп, эки тараптын кызыкдар болгон жарандары тарабынан аткезчилик иш аракеттери ыраса активдешти. Ушундан улам облус башчысы Абдыкарим Алимбаев укук коргоо органдары менен жергиликтүү бийлик биргеликте мобилдик топторду түзүү менен бул багытта ишти ого бетер күчөтүүнү катуу тапшырды.

          Ошентип, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Абдыкарим Баткен облусунун чек арага чектеш район башчылары тез арада координациялык кеңешме өткөрүп, чек ара аймактарына кошумча бекеттерди коюусун, мобилдик топторду түзүү менен чек ара аймактарында көзөмөлдү ого бетер күчөтүүсүн, аткезчилик менен алектенген жарандар арасында жергиликтүү бийлик органдары жекече гана иш алып баруусун, аларга юридикалык жактан эле чара көрүү менен чектелбестен, моралдык жактан түшүндүрүү иштерин кошо жүргүзүүсүн, дагы башка өтө натыйжалуу ыкмаларды колдонуу зарылчылыгын абдан катуу тапшырды.

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17