Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
475 Бардыгы / Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов парламенттин кезектеги жыйынында коңшу Тажикстандын аймагында Кыргызстандын жараны кармалып, а түгүл камакка дагы алынгандыгын жар салып, Кыргыз Өкмөтүнөн ага токтоосуз көмөктөшүүнү талап кылды. – Тажикстандын мурунку жараны, кийин Кыргызстандын жарандыгына татыган Кубатбек Юлдашев 2022-жылы Тажикстандын Исфара шаарындагы өз ата-энесинин үйүнө барган экен. Ошол жылы сентябрда уруш чыгып кеткен […]
476 Бардыгы / Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов парламенттин кезектеги жыйынында коңшу Тажикстандын аймагында Кыргызстандын жараны кармалып, а түгүл камакка дагы алынгандыгын жар салып, Кыргыз Өкмөтүнөн ага токтоосуз көмөктөшүүнү талап кылды. – Тажикстандын мурунку жараны, кийин Кыргызстандын жарандыгына татыган Кубатбек Юлдашев 2022-жылы Тажикстандын Исфара шаарындагы өз ата-энесинин үйүнө барган экен. Ошол жылы сентябрда уруш чыгып кеткен […]
КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ ТАЖИКСТАНДА ТЫҢЧЫЛЫККА ШЕКТЕЛИП КАРМАЛДЫ
11.03.2024 / Автор anarkan_kg

477 Бардыгы /
Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов парламенттин кезектеги жыйынында коңшу Тажикстандын аймагында Кыргызстандын жараны кармалып, а түгүл камакка дагы алынгандыгын жар салып, Кыргыз Өкмөтүнөн ага токтоосуз көмөктөшүүнү талап кылды.
– Тажикстандын мурунку жараны, кийин Кыргызстандын жарандыгына татыган Кубатбек Юлдашев 2022-жылы Тажикстандын Исфара шаарындагы өз ата-энесинин үйүнө барган экен. Ошол жылы сентябрда уруш чыгып кеткен маалда Тажикстандын атайын кызматтары биздин жаранды «Тыңчысың» деп айыптап, кармап, 13 жылга камап коюшуптур. Азыр ал эки жылдан бери абакта жатат экен. Ал эч кандай тыңчылыкка тиешеси жок, болгону жөн гана курмандыкка чалынып кетти. Тышкы иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Акыйкатчы ага жардам берүү иштерин алып барышын өтүнөм»? — деп чырылдады парламентарий Султанбай Айжигитов.
Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовко Тажикстанда кармалган кыргызстандыктын жакындары ага арыз менен кайрылышкан. Жогорку Кеңештин жыйынын алып барып жаткан спикердин орун басары Нурбек Сыдыгалиев бул боюнча тиешелүү органдарга протоколдук тапшырма берүүнү катуу тапшырды.
Айтмакчы. 2021-жылы Тажикстандын Согдий облусунда 39 кыргызстандык чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн соттолгон. Ал эми 2022-жылдын апрель айында Тажикстандын абактарында 13 кыргызстандык жаран түрдүү кылмыш иштери боюнча соттолуп, жазасын өтөп жаткандыгы кабарланган. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы алардын экөө өмүр бою эркинен ажыратылгандар экендигин билдирген. 2022-жылдын июль айында булардын арасынан 11 Кыргыз жараны тажик абагынан бошотулуп, Кыргызстанга кайтарылган. Алар Кыргызстандын аймагында кармалып, соттолгон 11 тажикстандыкка алмашылгандыгы кийинчерээк ачыкталган.
Баса, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы толук такталбагандыктан, коңшулаш эки өлкө кесилишкен жерлерде мурда дагы чыр-чатактар орун алып турган. Эң ири жана көп курмандыктарга алып келген жаңжалдар 2021-жылдын апрель-майында жана 2022-жылдын сентябрында гана катталган. Биринчи ири жаңжалдан кийин Кыргызстан делимитациялоо жана демаркациялоо иштери толук аяктаганга чейин чек арасын бир тараптуу жапкан. Мунун аркасында чек араны тактоо иштери ыкчамдатылган.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
-
-
24.06.2024 / Автор anarkan_kg УКМК МЫЙЗАМСЫЗ ИШТЕГЕН КЫЗДАР ҮЧҮН ДИНИЙ ЛАГЕРДИ АШКЕРЕЛЕДИ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.