Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ МЭР ИШИН БАШТАДЫ
МУФТИЯТ БИТИР-САДАГАНЫН ӨЛЧӨМҮН БЕКИТТИ
- ticket title
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
7 Бардыгы / Ой толгоо ДААВАТ. ДААВАТ ДЕГЕН ЭМНЕ? “Бактылуулук ислам дининде”. Аллах Таала Куранда айтат: – “Чындыгында, асмандардын жана жердин жаралуусунда, күн менен түндүн алмашуусунда, адамдарга пайдалуу болуп, дениздерде сүзүп жүргөн кемеде, асмандан Аллах суу түшүрүп, жерди өлгөндөн (кайра) кийин тирилтүүсүндө андагы, жер бетиндеги ар түрдүү жаныбарлардын таралуусунда, шамалдардын багытынын өзгөрүшүндө, жер менен асмандын ортосундагы […]
8 Бардыгы / Ой толгоо ДААВАТ. ДААВАТ ДЕГЕН ЭМНЕ? “Бактылуулук ислам дининде”. Аллах Таала Куранда айтат: – “Чындыгында, асмандардын жана жердин жаралуусунда, күн менен түндүн алмашуусунда, адамдарга пайдалуу болуп, дениздерде сүзүп жүргөн кемеде, асмандан Аллах суу түшүрүп, жерди өлгөндөн (кайра) кийин тирилтүүсүндө андагы, жер бетиндеги ар түрдүү жаныбарлардын таралуусунда, шамалдардын багытынын өзгөрүшүндө, жер менен асмандын ортосундагы […]
Ой толгоо ДААВАТ. ДААВАТ ДЕГЕН ЭМНЕ?
25.02.2026 / Автор anarkan_kg9 Бардыгы /
Ой толгоо
ДААВАТ. ДААВАТ ДЕГЕН ЭМНЕ?
“Бактылуулук ислам дининде”.
Аллах Таала Куранда айтат:
– “Чындыгында, асмандардын жана жердин жаралуусунда, күн менен түндүн алмашуусунда, адамдарга пайдалуу болуп, дениздерде сүзүп жүргөн кемеде, асмандан Аллах суу түшүрүп, жерди өлгөндөн (кайра) кийин тирилтүүсүндө андагы, жер бетиндеги ар түрдүү жаныбарлардын таралуусунда, шамалдардын багытынын өзгөрүшүндө, жер менен асмандын ортосундагы Аллахка баш ийген булуттарда – акыл-эстүү адамдар үчүн, Аллахтын (бардыгын шексиз кылып далилдеген) белгилери, эскертүүсу бар”;
– “…Аллахтан корккула жана билгиле, Ага жыйналасынар. (Кыяматта
тирилип келип, Алла Тааланын алдында жыйналып, сурак бересиңер)”.
Күндөрдүн биринде, Мээримдүү жана Ырайымдуу, Аалам Падышасы, макулук-пенделерине Ырыскы берүүчү,Жараткан АллаТааланын, орто жашап калганбир пендеси,“Макулук”, демалыш күн болгондуктан, алакандагы аалам-интернет желесин чукулап, кеч жаткан. Уйкудан күндө жаңырып,узактан угулуучу азандан ойгонду. Бир жагынан уйкудан бузгандыгын ойлоп кыжаалат болсо, экинчи жагынан кеч жатып, кеч туруп жаткандыгын ойлоп, өзүнө-өзү капа болду.
Кээде эл дүрбүп, «Кеттик, кеттик Жума намазга»дегендер менен эл катары барып, бирок, мечит имамы жасаган Жума баян сабагына көп деле маани бербей, анда да телефон чукулап олтурчу.
Асыл инсандардын,“Эрте тургандын бир рыскысы артык”, орустардын “Кто рано встает, тому Бог подает”–деген учкул сөздөрүнэстеп, андан да молдокелердин “Эки дүйнөбактылуулугу исламда”–дегендерин эстеп, кандайча? – деп өзүнө -өзү суроо берип, бир топко чейин ар кандай ойлоргобатты да, мечитке барып, кеп кеңеш алуунучечти.
Даарат алып, кечки намазга барууну көздөп, мечитти карай басты. Баратып, ар кандай ойлорго батып, бирде жан дүйнөсүуйгу–туйгу болуп сүйүнтсө, бирде кандайдыр бир чочулоо, тартынуу болуп, бирде башка бир дүйнөгө түшүп калчуудай болуп, дене бою демейдегиден башкача сезим мененбаратты.
Ошентип, мечитке кирип барып, бири китеп окуп, бири жаш баласы менен, бири өзү намазга жыгылып, кээ бирлери тегеректенип, маектешип олтургандарын көрүп, бир чекеге барып олтурду. Ары беркини ойлоп, кимисине кайрыларын билбей турган чакта, аржакта олтурган топтун арасынан, сакалчан, исламча кийинген молдо сымаал бирөөсу туруп, ага карай басып келип, саламдашып, жанына олтурду да, “Даават жүргүзушөлү,бир тууганым”–деп, кайрылды. Макулук макулдугун билдирип, башын кыска-кыска ийип, даават дегенди угуп жүргөндүгүн, бирок, маанисин көп деле түшүнө бербегендигин билдирип, «Ал эмне жөнүндө, эмне кылыш керек»– деп жооп кайтарды. Молдоке болсо “Маша аллах”– деп, даават бул – Жаратканды таануу,данктоо, улктоо,жамандыктан кайтаруу, жакшылыка чакыруу – деп жооп берди.
Колун кармап, жылмайып, “Даават бар жерде,зулумдун баласы аалым болушу мүмкүн. Даават жок жерде аалым, байдын баласы зулум болуп калышыыктымал”– дешет молдокелер. Даават ыйманга чакыраарын, ыйманды бекемдээрин, жаңыртаарын, а ыйман, баардык жакшылыктын, тазалыктын башаты экенин айтып, кошумчалап, ислам дүйнөсү тууралуу аздыр–көптүр баян куруп берди да “Келиңиз жакшысы, убакыт тапсаңыз кележаткан жума күнү, Жума намаздан кийин, үч күндүк дааватка чыгып келели”– деп сунуш таштады молдоке.
Макулук, дароо макул болду.
Ошентип, жума күнү, жума намаздан кийин, экөөсу макулдашкандай дааватчылар менен дааватка чыгып кетишти.
Дааватта жүрүп, дааватчылерди көпчүлүктүн тандоосу менен шайланган “Амирсап” жетектээрин, дааватчылар бири–бирине урмат менен мамиле жасагандарын, кезектешип кызмат кылышаарын көрдү.Кезек-кезеги менен сыртка гашка чыгышаарын билди.Кезеги келгенде өзү да кошо чыгып жүрдү. Дааватчылар гашта, жакшы мүнөз, жумшак мамиле менен элди Ислам динине чакырышарын жанаЖаратканды Улуктап, Аны таанууга, мечитке намазга, Аллах жолуначакыра тургандыктарын байкады.
Маселелер “Машбара”(Кеңешүү) аркылуу чечилерин, кезек-кезеги менен ар бир дааватчы, Ислам дүйнөсүнүн алты сыпаты (“Келме келтирүү”, “Намаз окуу», “Илим–зикир”, «Икрам муслим», “Ниет ихлас», “Дааватка чыгуу”) тууралуутаалим сабак өтүшүп,билгендерин, түшүнүктөрү боюнча жамаатка баян куруп,айтып бергендерин угуп, исламдагы мамиледе жылуулуктун, ынтымактын, сыйлашуунун шарапаты бар экенинбайкап, ичи жылыды.
Андан да, Алла Тааланы таанып, Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи вассаллам (С.А.В.) Мухаммедди билип, ислам дүйнөсүндөгу, ислам аалымдары калтырып кетишкен алты сыпат боюнча түшүнүк алды жана Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Мухаммеддинхадис, сүннөттөрүтууралуумаалыматты билип сүйүнсө, ушул жашка чейин бул тууралуу укпагандыгын ойлоп, өзүнө–өзү капа болуп, бирок, үстүнөн бир жүктү алып салгандай жеңилдеп, дааваттан кайтып келди.
Кечке жуук, үй–бүлөсүнө даават жөнүндө баяндады.Даават– деген Ислам динин жайылтуу, адамдарды ага чакыруу,туура жолго багыттоо, жамандыктан кайтаруу, жакшылыкка чакыруу экенин белгиледи. Алла Тааланы таануу, улуктап, даңктоо, тообо келтирип (билип, билбей жасаган күнөөлөрүучүн Алладан кечирим суроо),зикир чалып – Алланы эстеп, улуктап, Ага ширк (шерик) кошпоо керек экенин баса билдирди.
Ар бир адам,Аллагашүгүр айтуу керек экендигин белгилеп, жашоосун Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Мухаммеддин хадис, сүннөттөрүн амалга ашырып, Ислам динин туу тутуп, алты сыпатты: келме келтирүүнү, намаз окууну, илим–зикир, икрам муслим, ниет ихлас, дааватка чыгуунукарманып жашаса, эки дүйнө бактылуулугун табатургандыгын кубануу менен баяндаганда, жубайы, “Кандайча”?– деп, суроо узатты.
Анткени – деп, Макулук,Улуу, Мээримдүү Жараткан АллаТаалабыз ааламды алты күндөжаратып,Өзүнө кулчулук кылдырып, сыноо жана сыйындырууүчүнадамды бышырылган чопо, кургак ылайтопурактан жараты.Сымбаттуу, келбеттуу көркөм тулуку бой берип, өзүнүн рухунан үйлөп жан салып, өмүр, акыл–эс, өң-түз, …тил, жөндөм берип,ошол эле учурда өлүмдү да чектеди.Башкача айтканда,Алланын өзүнө эртедир-кечтир кайта турган кылып жаратканын, ырыскы берүүчу да, ырыскыны тыюуучу да Аллах экенин, баардык нерсе Аллактан гана боло тургандыгын айтты.
Жараткан Алла Таала аалам, жаратылышка адам баласын ээлик кылдырып, Өзүнө орун басар кылып жаратып, ал ааламда кантип, кандай жашоо керектигин үйрөтүүүчүн, жашоо эрежесин түшүндүрүп, көргөзөтурган туура жол көргөзүүчү катары Ыйык КураниКаримкитебинасмандан түшүрдү.
Жараткан– аалам Падышасы,Ислам динин жайылтуу үчүн, адамдарга Куран аяттарын жеткирүү, үммөт-пенделеринакыйкат, туура жолго салууга, жашооэрежесин, маданиятынүйрөтүү үчүн, акыркы пайгамбар, Жараткандын кулу жана элчиси, үммөттөрүнүн жол башчысы, үгүт, насаат айтуучусу Пайгамбарыбыз (с.а.в.) МухаммеддиПайгамбар жана Элчи кылгандыгын айтты.Ошондуктан, Жаратканыбызга чексиз ыраазычылык, шүгүр, мактоолор жана алкыш–улуктоолор, данктоолорду айтып, “Альхамдулиллах” (“Мактоолор Аллах үчүн”), «Аллооху акбар» (“Аллах улук”) – деп, оозго алып, Алланы эстеп-зикир чалып жүрүүкеректигин баяндады.
Ал эми Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Мухаммадга жана анын үй-бүлөсүнө да салам-салаваттарды айтып жүрүшүбүз керек экен (“Аллахумма салли аля Мухамадин ва аля Али Мухаммад”) – деп, жылмаюу менен үй–бүлө мүчөлөрүнө карап чыкты да, адамдарга жылмайып кароо да “Садака” жана Жараткандын ыраазычылыгы үчүн “Сооб”экен–деп баса белгиледи.
Үй–бүлөгө да таалим-тарбия берүү катары, күнүгө аздыр-көптүр убакыт бөлүп, үй–бүлө мүчөлөрү менен биргеликте, “Фазаил амал”, “Фазаил садакат”, “Хикаяту сахаба”китептерин окуп туруу керектигинетоктолду.Анткени, китепте ислам дининде айтылган, ислам сабактарынын тарбияга таасир берүүчү, турмуш сабактарытууралуу баяндар бар экендигин белгиледи.
Кошумчалап, Жараткан Алла Таала, ар бир адам баласына, улутуна, расасына карабастан“Лаа илааха иллааллоох, Мухаммадур расуулуллоох” (“Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок, Мухаммад Аллахтын элчиси”) – деп, келме келтирип, мусулман болуп, беш маал намаз окуу парз экендигин, ошондуктан, мечиттен беш маал азан айтылып, намазга чакыргандыгын, чакыруу Алла Тааланын чакыртуусу экендигин белгиледи.
Жубайы, ал алты сыпатты кененирээк айтканда, эмне жонундо экендигин сурап кайрадан суроо узатты.
Жараткан АллаТаалабыз бактылуулукту динге байлагандыгын, башкача айтканда эки дүйнөбактылуулугу Ислам дининде экендигин,ал эми, Ислам аалымдары адам баласынын эки дүйнө бактылуулугун табуу үчүн алтысыпаттыбелгилеп өтүшкөн экен – деп, баянын баштады:
Келме келтирүү. “Лаа илааха иллаллох Мухаммадур расуулуллоох”.Бул эки бөлүктөн турат.
Биринчиси, “Лаа илааха иллаллох” келмеси (“Аллахтан башка Кудай жок”).
Ыйык Куран китепте, Жараткан Алла Таала, Аалам Падышасы Өзү бул келмени, “Жакшы сөз…”– деп атап, “Аллах жакшы сөздү бекем тамырдуу, бутагы көктү тиреп өскөн, мыкты даракка салыштырып мисал кылганын көрдүңбү?”– деп баалаган.
Бүткүл Ааламды жараткан Аалам Эгеси, Улуу, Мээримдүү Жараткан Алла Таалабыз, Роббибизден башка сыйынууга татыктуу зат жок. Жараткан Алла Таала, алты күндө ааламды, асман менен жерди жана адам баласын жаратты. Адам баласын Өзүнө орун басар кылып жаратып, ал ааламга адам баласын сыноого, Өзүнө сыйындырууга жанакулчулук кылдырууга жаратты.
Алла Таала аалам-жаратылыштын, жаралгандын баарын адам баласы, инсан үчүн жаратты (көзгө көрүнгөнүн, көрүнбөгөнүн да). Жаратылган макулуктун баары Алла Таалага гана таандык.Ал ырыскы берүүчү зат. Ошондуктан, Алланын жалгыздыгын таануу зарыл. Баардык нерсе…, Жараткан Алла Тааладан гана болот – деген түшүнүк, ишенимге келүү.
Жалгыздык Аллага гана жарашат. Ал Ырайымдуу, Кечиримдүү, Боорукер, Билүүчү,Мээримдүү зат.Даңктоо, даңазалоо Ага гана жарашат. Ошол эл учурда Жазалоочу, Азаптоочу.
Жараткан Алла Таала, жаратканмакулуктарынын баарын: аалам, жаратылыш, жан–жаныбарлар дуйнөсүн адам баласы үчүн жаратты (…Жер–жемиш, мөмө–жемиш өңү–түсү, даамы, жыты менен….Мал-жандыкты адам баласына баш ийдирди да, сүтүн ичтирип, этин жегизип, тери, жүнүн, а түгүл тезегин да пайдалуу зат кылды). Жана адам баласын баардык макулуктарынан улук кылып жаратты. Андыктан, Алланын берген нээматтары үчүн Агатаазим кылып, даңктап, улуктап, кулчулук кылып, намаз окуп, рүкүгө барып, саждага жыгылып, зикир чалып, эстеп, тооба келтирүү(билип, билбей жасаган күнөөлөр үчүн, Алладан кечирим суроо “Астагфируллох”) абзел.
Жараткан Куранда айтат:
– “Ал силер үчүн жер үстүндөгүлөрдүн баарын жаратты…”;
– “Ал (Аллах)силерге жерди килем кылып төшөдү, асманды куруп (көтөрүп) койду. Асмандан суу жаадырып, аны менен силерге ырыскы болуусу үчүн жемиштерди өстүрдү. Билип туруп, Аллахка шериктерди кошпогула”;
– “Эй Мухаммад (с.а.в.) билгин! Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок!”;
– “Аллах силерге Өз ырайымы менен түндү тыныгышынар, ал эми күндүздү Анын жакшылыгын (Ырыскыларын) издешиңер үчүн жараткан. Балким, (Аллахка) шүгүр кылаарсыңар”;
– “Эгерде жер үстүндөгү дарактардын баарысы калем болуп, а дениз, ага кошулуп (дагы) жети деңиз сыйа болсо, Аллахтын сөздөрү түгөнбөйт…”;
– “Аллах силерге жерди турак-жай, асманды шып кылды. Силерди турпатка келтирип, көркөм келбет берди. Силерге жакшы ырыскыларды берди. Аллах силердин Эгеңер. Ааламдардын Эгеси болгон Аллахка улуктоо болсун”;
– “Баардык мактоо – Эгебиз, асмандардын, Жердин Эгеси жана ааламдардын Эгеси – Аллахка таандык”;
– “Асмандарда да, жерде да улуктук – Ага таандык…”;
– “Жараткан Эгеңди даңкта, улукта”;
– “Ошондой эле, Ал Өзу тараптан силер үчүн асмандар менен жердеги бардык нерселерди силерге багындырып койду. Чындыгында, ушуларда ой жүгүрткөн эл үчүн белгилер бар”;
– “Түн менен күндүн алмашуусунда, Аллахтын асмандардан жамгыр жаадырып, өлгөн жерди ал аркылуу тирилткендигинде жана шамалдарды башкаруусунда акыл калчаган эл үчүн белгилер бар”;
– “Чындыгында, силердин Эгеңер–Аллах! Ал асмандар менен жерди алты күндө жаратты, Аршка истиваа болду (Аллахтын тактысы, бийлик орду, тактыга олтуруп, ээлик кылуусу). Бирин-бири кубалап, күндүздү каптаган түндү, күн менен айды жана жылдыздарды Өз амирине багындырды. Акыйкатта, жаратуу жана бийлик жүргүзүү–Ага таандык. Ааламдардын Эгеси Аллахка улуктук!”;
– “Эсиңерде болсун: (Аад элинен) кийин силерди Аллах Өз орун басары кылып, жерден орун берди. Анын (жердин) өрөөндөрүнө хансарайларды куруп, тоолорго үй кургула. Аллахтын жакшылыгын унутпагыла жана бузуку-ыпластык менен жер бетин булгабагыла”.
Пайгамбарыбыз саллаллоху алейхи вассалам Мухаммад айткан,“Кимдин акыркы сөзү“Лаа илааха иллаллох» болсо, ал бейишке кирет”.
Экинчиси, «Мухаммад расулуллох».
Жараткан Алла Таала, жашоонун эрежесин көргөзүүүчүн (Бурмаланып, өзгөртүүлөргө жол берилгендиктен, “Таурат”, “Забур”, “Инжил” китептерин жокко чыгарып),элге насаат катары Ыйык Курани Карим китебин асмандан түшүрдү.Ошондой эле пенделерине,жашоо-тиричиликтин баардык эрежесин үйрөтүүмаксатында Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Мухаммадды жол башчы кылып койду.
Пайгамбарыбыз(с.а.в.) Жараткандын кулу жана элчиси экендигин билүү жана ага салам, салаваттарды айтуу зарыл. Анткени, Ал,адам баласынын жашоосундагы, жашоо үлгүсү, чырайлуу кулк-мүнөзү менен жашоонун үлгүсүн көрсөтө билген.Андыктан, адам баласы жашоосун, Пайгамбарыбыз (с.а.в.) шарият аркылуу алып келген хадис, сүннөттөрүн амалга ашырып,кулк-мүнөзү менен жашоо суннөт, абзел. Себеби, бардык жакшылык, ийгилик, бактылуулуктар Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) жашоосунда жана аны үлгүкатары көрүүгөболот.
Аллах Куранда айткан:
-“…жана Роббиңди улуулагын”;
– “Чындыгында, Аллах пайгамбарга ырайым кылат. Ошондой эле ага периштелер да салават айтып турушат. Эй момундар! Ага салават жана салам айткыла”.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: “Чындыгында, силердин күндөрүңөрдүн эң жакшысы бул – жума күн. Ал күнү мага көп салават айткыла. Чындыгында силердин айткан салаватыңар (мен өлгөндөн кийин да) мага жетип турат. Ошол кезде адамдар сурашты: “Оо, Аллахтын элчиси! Биздин айткан салаваттарыбыз сизге кантип жетип турат, ал учурда (денеңиз) чириндиге айланып кетет го?!” – деп айтышканда аларга Пайгамбар (с.а.в.) мындай деп жооп берди: “Чындыгында Аллах пайгамбарлардын денелерин жер жебей (чирибей) турган кылып койгон”.
Намаз окуу. Жараткан Алла Таала,Ыйык Куранда айткан “Намазды тургуз! Анткени, намаз уят иштерден жана күнөөдөн тыят”– деп. Андыктан, мусулман баласы, рукки, саждага жыгылып, намазды тургузуусу, беш маал, каза кылбайокуусу, ошону менен Жаратканга сыйынуусу, ибадат, кулчулук кылуусу парз.
Молдокелер айткандай намаз сабырдуулукка, тазалык, тактыка, адилеттүүлүккө жеткирет. Өзүңдү-озүң тарбиялаганга, …даярдаганга, өзүңдү-озүңсынаганга, баалаганга шарт түзөт.
Аллах Таала Куранда айтты:
– “Тооба кылуучулар, ибадат кылуучулар, Аллахты даңктоочулар, орозо тутуучулар, (намаз окуп) үрукү, сежде кылуучулар, жакшылыкка чакырып, жамандыктан тосуучулар жана Аллахтын чектерин сактоочулар (ушулар Бейиш ээлери). Момундарга сүйүнчүлө!”;
– “Намаз окугула жана андан корккула! Анткени силер Ага гана чогулуп барасыңар”;
– “Намаз окугула, зекет бергиле жана тизелерин ийгендер менен бирге тизеңерди ийгиле”;
– “Аларга китептен сага кабар берилгендерди окуп берда, намаз оку анткени намаз бузукулуктан жана күнөөдөн тыят. Ал эми Аллахты эскерүү андан да чон. Аллах силердин эмне кылып жатканыңарды билип турат”;
– “Чындыгында Мен Аллахмын. Менден башка кудай жок. Ошондуктан мага сыйын. Ошентип Мени эстөөүчүн намазды толук аткар”.
Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) айткан:
–“Мага баш ийген киши, бейишке кирет. Мага баш ийбеген киши, демек ал бейиштен баш тартканы”;
–“Кыямат күнү эң алгач пендеден (анын) намазы тууралуу суралат. Эгер намазы жакшы болсо, анда анын калган амалдары жакшы болот, эгер намазы жаман болсо, анда анын калган амалдары да жаман болот”;
–“Силерден кимиңер намазды күтсөнөр намаздын сообун ала берет, качанга чейин ал намаздан чыкмайынча же даратын сындырмайынча, периштелер: “Оо Аллах! Муну кечир жана ырайым кыл!”– деп дуба кыла беришет»;
–“Намазды жамаат менен окугандар менен Аллах Таала сыймыктанат”;
–“Караңгыда мечитке көп барган адамдар, Кыямат күнү жаркыраган нурга бөлөнөөрлөрү жөнүндө сүйүнчүлө”;
– “Даарат намаздын ачкычы, намаз Бейиштин ачкычы”.
Илим-Зикир. Илим алуу. Жараткан Алла Тааладан түшүрүлгөн Куран китепти жана Пайгамбарыбыздын(с.а.в.) хадис сүннөттөрүн, дин аалымдары жазышкан илимий китептерди окуп, илим-билим алып, руханий жан дүйнөнү, ыйман тамырларын тазалоо, жаңылоо жана Жаратканды таануу, даңазалоо жана Ага кулчулук кылуу. Зикиртартып, Жаратканды эстөө, ак-караны ажыратуу. Адал менен арамды ажырата билүү, ыйманды жаңыртып туруу.
Жараткан Алла Таала Куранда айтат:
– “Эй момундар! Аллахты көп эстегиле”;
– “Эртели–кеч Жаратканды эсте”;
– “Эй, момундар! Аллахты көп эстегиле! Аны эртели-кеч аруулагыла”.
Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) айткан:
– “Жеңилчиликте да, кыйынчылыкта да, (барчылыкта да, жокчулукта да) Аллахка
мактоо, шугур айткандар бейишке эң биринчи чакырылат”;
– “Бейиш тургундары, Аллахты зикир кылбай өткөргөн убактыларынан башка эч
нерсеге өкүнүшпөйт”;
– “Кыямат күнү, мага эң жакын адам, мага салават көп айткан адам”.
Дин аалымдары айткандай зикир, дубанын эң улуусу жана эң эле салмактуусу “Лаа илааха иллаллох”, “Астагфириллох”, “Альхамдулиллах”.
Икрам Муслим.Аллахтын ыраазычылыгы үчүн, адамдар бири-бири менен улутуна жана расасына карабастан ынтымакта, сый мамиледе болуп жашоо. Бир туугандар менен болгон мамилени, чыңоо, жакшыртуу.Ошондой эле жан-жаныбарларды, жаратылышты сактоо.
Жараткан Алла Таала Куранда айтат:
“Биз Адам баласын улук кылдк, аларды кургакта, деңизде (кемеде) көтөрүп жүрө турган, аларга жакшы нерселерди (ырыскы) бердик жана аларды өзүбүзжараткан көптөгөн макулуктарынан абдан жогору кылдык”;
“Эгерде Аллах силерди баарыңарды бирдей жаратса, дүйнө бир түрдо болмок. Бирок Ал силерди ар кандай дэңгээлде жаратты, бириңди бай, бириңди жокчулукка дуушар кылды, бириңди күчтүү, бириңди алсыз кылды. Ошондуктан бири бириңден сабак алгыла”.
Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) Каабага кайрылып айтты:
– “Эй Кааба! Сен кандай жакшысын, сенин жытың кандай жагымдуу, сенин кадыр- баркын кандай улук. Ал эми Аллахтын алдында момундун кадыр – баркы сеникинен да улуураак. Чындыгында, Аллах Таала сени ыйык кылды, ошондой эле момундун мүлкүн, канын, абийирин да ыйык кылып, бизге ал тууралуу жаман күмөн кылууну арам кылды”;
– “Эки мусулман бири-бири менен жолукса жана кол алышып көрүшсө, анда алар тарап кетээрден мурда алардын күнөөлрү кечиррилет”;
– “Албетте момун пенде, өзүнүн жакшы кулк-мүнөзүнүн себебинен күндүзү боюу орозо кармоочунун жана түнү боюу ибадат кылуучунун даражасына жетет”;
– “Ыйманы толук болгон чыныгы ыймандуу – башкалардан кулк мүнөзү жакшы, үй–бүлөсүнө аябай камкор киши”;
-“Качан жакшы амалың сени кубантса жана жаман амалың сени кайгыртса, анда сен момунсун”;
– “Ким бир күндө беш амал кылса – Аллах Таала аны “Бейиштик”– деп жазат:
1) Ооруган кишиден зыяарат-кабар алса; 2) Жаназага барса; 3) Орозо тутса; 4) Жума намазга барса; 5) Кулду азат кылса».
Ниет ихлас. Жараткандын бар экендигине ишенимди арттырып, ниетти түздөө жаңыртып туруу абзел.Ниетти түздөө, башкача айтканда,Аллахтын ыраазычылыгы үчүн ой-максатты, ниетти түздөө. Так, таза жүрүү, таза ой жүгүртүү, чынчыл болуу, Жараткандын астында да жана ар бир мусулмандын, деги эле адам баласыжана табият менен болгон мамиледеда таза болуу.
Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) айтты:
– “Ким түнкү тахажуд намазын окуйм деген ниетте жатып, бирок уктап калса (таң атып кетсе) анда ага ниет кылган тахажуддун сообу жазылат. Ал эми уйкусу Аллахтын белеги катары саналат”;
– “Ниети калыстарды кубандыргыла! Ошолор гана караңгыдагы шам чырактар…»;
– “Ким намазды эл көрсүн (мактануу) үчүн окуса, ширк кылат. Ким орозону эл көрсүн үчүн кармаса, ширк кылат. Ким садаканы эл көрсүн үчүн берсе, ширк кылат”.
Аллах Таала айтты, «Мен шериктен тазамын. Ким мага башка бирөөнү шерик кылып, амал кылса – мен амалында, шерик кошконун да кабыл кылбайм».
Дааватка чыгуу. Даават жүргүзүү, ислам дининин негиздеринин бири. Жараткан Алла Тааланын бар экендигине ишенимди арттырып, Аны таанытуу, даназалоо, ислам динин таануу, жайылтуу. Жамандыктан кайтаруу, жакшылыкка туура жолго чакыруу. Ислам дининин баалуулуктарын жеткизүү. Пайгамбарыбыз Мухаммаддын(с.а.в.) хадис, сүннөттөрүн амалга ашырып жашоону үйрөнүү, жайылтуу. Дааватты жеткизүү сөз менен, амал менен жана жазуу, медиа аркылуу. Дааваттын жүрүшү менен коом, таза жана тынч болот. Адамдардын жашоосу өзгөрөт, түз жолго бурулат.
Аллах Таала айткан:
– “Силердин араңарда жакшылыкка чакырган, жакшы амалдарга үндөгөн, жамандыктан кайтарган үммөт болсун! Мына ошолор – чыныгы бактылуулукка жетүүчүлөр! (кутулуучулар)”;
– “Адамдардын пайдасы үчүн чыгарылган эң жакшы үммөтсүңөр. Жакшылыкка чакырасыңар, жамандыктан кайтарасыңар жана Аллахка ыйман келтирээрсиңер”.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты:
– “Аллах жолунда бир аз убакыт, Кадыр түндө Каабадагы кара таштын алдында туруп, түнү боюу ибаадат кылгандан артыгыраак”;
– “Кимдин эки буту Аллах жолунда чаң болсо, анда Аллах Таала аларды тозок отуна арам кылат”;
– “Аллах жолунда бир күн өткөрүү, андан бөлөк миң күндөн артыгыраак”.
– “Бир адамды туура жолго чакырсаң, анын сообу сен үчүн бут дүйнө жана андагылардан жакшыраак”
– “Ар бир мусулман баласы үчүн, бир күндүн эки жарым саатын, бир айдын үч күнүн, бир жылдын кырк күнүн жана өмүрдүн төрт айын дааватка бергиле”.
Аягында Макулук, Жараткан Алла Таала ар бир адам баласын улутуна, расасына, карабастан Мусулман болууну парз кылганын белгилеп, Ислам динин тутунуп, анын беш түркүгүн:келме келтирүүнү, намаз окууну, зекет берүүнү, ажылыкка баруу, орозо тутуунужана алты сыпатты карманып жашаса эки дүйнө бактылуулугун табарын белгиледи. Анткени, Ислам дини баардык жактан тактыктын, тазалыктындини жана жамандыктан кайтарып, жакшылыкка чакыруучу дин экенин кайрадан белгиледи да, бул айтылгандарды амалга ашырып жашообуз керек экен- деп, өзүэми гана түшүнөбаштагандыгын эстеп, бир ушкүрүнүп алды.
Ошентип, Макулуктун ислам дүйнөсүнө болгон амалы, ага болгон түшүнүгү күндөн күнгөартып жатты. Кайрадан үч күндүк даватка да чыгып жүрдү.
Дааватка чыгуунун, умрага, ажылыкка баруунун, Курани Карим китебин окугандын пазилеттерин угуп, кырк күндүк, төрт айлык дааватка чыгууну, умра, ажылыка барууну жана Куран китепти окуганды үйрөнүүнүниет кылды.
Кээде китеп магазиндеринен ислам дүйнөсү тууралуу китептерди алып окуса, кээде дин аалымдарынынтеле–радио, интернет булактарындагыбаяндарын укса, кээде Жума намаздагы молдокелердин баянын угуп ислам дуйносуно болгон кызыгуусу артып жатты. Жума намаздагы молдокелердин баянын телефонундагы диктофонго жаздырып алып, аны үй–бүлө мүчөлөрүнө, бир туугандарына ватсап аркылуу, таалим, даават катары жөнөтүүнү адат кылды.
Ыйык Куранкитептин котормосун окуп чыгып, китепте,Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Мухамеддин хадис, сүннөтөрүндө деги эле ислам дүйнөсүндө коомчулукка, мамлекеттик түзүлүшкө коркунуч жараткан эч нерсе жок экен го, тетирисинче жакшылыкка чакырып, жамандыкктан кайтаруу экен го– деп, Ислам дүйнөсүнүн, Куранкитебининтарбияга таасир берүүчүкээбир учурларын тизмектеп кирди:“Мекенди коргоо, ага кызмат кылуу парз”; “Колуна бийлик берилген башчыларга, жетекчилерге баш ийгиле”; “Пара бербегиле, албагыла”; “Ата-энеңерди урматтагыла, сыйлагыла, аларга «Уф-ф» дебегиле”; “Биз инсанга өз ата-энесине жакшылык кылууну буйрудук“; “Сүткорлук, зулумдук кылбагыла”; “Карыз алсаң жазып кой, кайтарганды унутпа”;“Ислам дини баардык жактан тазалыктын дини, таза болгула, ак, так, чынчыл болгула”; “Улууну урматтагыла, кичүүнү ызаттагыла”; “Адеп-ахлакты сактагыла, адептүү болгула”; “Ыймандууболгула”; “Бирөөнүн акысын жебегиле”; “Эркек ууру жана аял уурунун кылмыштарынын жазасы – алардын колун кескиле. Бул – Аллахтын жазасы…!.”; “Арамдан алыс болгула, арамдан жебегиле”; “Арам нерселерден көзүңөрдү сактагыла”; “Бири-бириңер менен ынтымакта болгула, талашып-тартышпагыла, сый мамиледе болгула”; “Бириңе бириң кеңеш, жардам бергиле”; “Улут аралык ынтымакты сактагыла”; “Кечиримдүү, адилеттүү, болгула, ачууга алдырбагыла”;“Сабырдуу болгула – сабырдын түбү сары алтын”; “Сараң болбогула”; “Барына каниет, шүгүр келтиргиле”;“Жетимдердин акысын, ырыскысын жебегиле”;“Жакшылык жасоонун баары садака, андыктан, жардамга муктаждарга садака-жардам бергиле”; “Ашыкча кирешеңерден зекет бергиле”; “Таразадан, өлчөмдөн алдабагыла”; “Үй-бүлөдө туура мамиледе жана камкор болгула”;“Үй–бүлөдө …эркектер аялдардын кожоюну…”; “Кумар, арак жамандыктын башаты, жакындабагыла”; “Зынага жакындабагыла, анткени ал эң ыплас, жаман жол”; “Жегиле, ичкиле, бирок ысырапкорлук кылбагыла! Анткени, Аллах ысырапкорлорду жакшы көрбөйт”; “Текебер болбогула, бой көтөрүп менменсибегиле”;“Бириңди-бириң алдабагыла, туура мамиледе болгула”; “Бириңди-бириңушактап, жамандап, кунөөгө батып, сообуңду алдырба”;“Соопчулукту көбөйткүлө”; “…Күмөн санап күнөөгө батпагыла”;“Кенен кийингиле, авыратыңарды жаап жүргүлө”;“Бирөөнүн айыбын ачпагыла”;“Чагымчылдык кылбагыла”;“Бирөөгөжалаа жабып, кур дооматка жыкпагыла”; “Намаз окугула, намаз бузукулуктан, жамандыктан тыят”; “Жамандыкты көрсөңөр колуңар менен, тилиңер менен кайтаргыла, кайтара албасаңардилиңер менен кайтарып, жаман көрүп койгула”; “Жаратылыш, жан-жаныбарларды кордобогула, коргогула”;“Кыянаттык, бузукулук кылбагыла, бузукулук – өлтүрүүдөн да чоңураак күнө, Жараткан астында да, Мыйзам астында да сурак бересиңер” – десе,анда бул ислам дининин,Ыйык Курани каримдин, Ааалам Падышасы, Жараткандын пенделерине жашоо эрежесин насаат кылып көргөзгөн кереметтери жана баалуулуктун, бактылуулуктун, тынчтыктын белгилери эмей эмне?
Мына сага, идеология. Бар экен го, даяр идеалогия. Идеология –деген ушул эмеспи? Бийликтегилер, идеология издешип жүрүшпөдү беле, бир кездерде.“Кайдан алабыз, кандай идеология табабыз”– дешип? Курандан, идеологияга байланыштуу баардык суроого жооп тапса боло тургандыгын, а түгүл Куран китеп жана Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (с.а.в.) хадис, сүннөттөрү, адам баласы үчүн, жашоосундагы идеология ушул эмеспи. Мамлекет үчүн мындан артык дагы кандай идеология керек? Жараткан өзү Башкы идеолог, Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) жашоо эрежесин үйрөтүүчү, насаат айтуучу, унгу жол башчы экенго.
Мамлекеттин коомду, жаштарды тарбиялоодогумаксаты да ушундай тарбиялоо эмеспи? – деп ойго батты.
Коомду козутуп, бузукулук кылууга, мамлекетти уратууга жасалган чакырык сөз жок экен го. Анда, эмне учун, мектептерде Куран китепти же араб тилин окутпайт? Анданда, эмне үчүн, «Аллоху акбар» – деген сөздөн коркушат, кээ бирлери…? Дааваттын, ислам дининин, Куран китептин эмнеси жаман, эмнеси коркунучтуу?- деп өзүнө- өзү суроо салды. …Талкууга жем ташталды…
Алла Таала куранда айтат:
– “Эй момундар! Аллахты көп эстегиле”;
– “Качан намаз айактаса жер бетине таралгыла жана Алланын ырайымын издегиле. Анан да Аллахты көбүрөөк эстегиле; мүмкүн ийгиликке жетесиңер”;
-“Силер Аллахка кантип ишенбейсинер? Мурун силер өлүк элеңер. Ал силерди тирилтти, анан силерди өлтүрөт, андан соң кайрадан тирилтет, анан силер Ага кайтарыласынар”;
– “…Эй акыл ээлери! Жакшылыктардан эмне жасаган болсонор Аллах аны билет. (Ошондуктан) азык камдагыла. Чындыгында, азыктын жакшысы – такыбалык.Менден корккула, эй, акыл ээлери!”(Сапарга аттанган ар бир адам күл азыгын камдагандай эле, силер да Акыретте сөзсүз кереги тийүүчү азык–сообуңарды азыртан камдагыла! Акыреттин азаптуу узак жолуна кур кол чыкпагыла!)”;
– “Женилчиликте да, кыйынчылыкта да Аллах жолуна сарптагандар, ачуусун жуткандар (сабыр кылгандар), адамдарга кечиримдүү болгондор – (ушулар такыбалар). Аллах жакшылык кылуучулларды сүйөт”;
– “Эй, момундар! Аллахтан коркуп, чынчыл адамдар менен бирге болгула”;
– “Бул дүйнөдөгү жашоо оюн-күлкү гана, а акыреттеги–анык жашоо…”.
Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в.), айтты: “Куран окууну бекем туткун, себеби ал сага дүйнөдө нур, акыретте азык болот”; “Силердин аранардагы эң жакшы инсан, Курани Каримди үйрөнгөн жана үйрөткөн”.
Дин аалымдарыбыз, «Адамдардын эң бактылуусу өлбөй туруп, өлүмдү ойлоп, ага кам көргөн» – дешет. «Ал эмне дегени?” – десе, “Ал дегендик, Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (с.а.в.) хадис, сүннөттөрүн амалга ашырып жашоо жана адам баласынын өлгөндө, келме, кепин менен өлүүсү, андыктан Алланы, өлүмдү көп эстөө дегендик” – деп баяндашат.
Андыктан, келиңиз макулук бир тууган, Куран окууну үйрөнөлү, үйрөтөлү, намаз окуп, сооп иштердижасап, акыретти ойлойлу да, ага азыртан азык даярдайлы.
Элестетиниз, …Ата–Энеңиздин үйүнөкур кол… барганыңызды, же эшиги жабык болуп, салган ачкычыңыз эшикти ачпай калса.
Молдокелер айткандай “…кетүүнүн кезеги жок…”.“Күн келет, эл менен бирге …сыйда барасын.Эл кайтат, сен кайтпай жалгыз каласын. Сен менен, даярдаган азыгың калатколдогону, коргогону.Ал жакшы сооп, амалдарың, окуган намазың-кабыр нуру, окуган Куран китебиң. Азык-амалың жок барсаң, азабың…”.
Абдимырза ОРОЗОВ, Жараткан Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн, даават жүргүзүү максатында даярдалды
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
25.02.2026 / Автор anarkan_kg Ой толгоо ДААВАТ. ДААВАТ ДЕГЕН ЭМНЕ?
-
25.02.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА 6 ЖАҢЫ МЕКТЕПТИН КУРУЛУШУ БАШТАЛАТ
-
25.02.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА 3534 ДААНА МАМЫЧА ОРНОТУЛАТ
-
07.04.2025 / Автор anarkan_kg 7-АПРЕЛЬ – ЭЛДИК РЕВОЛЮЦИЯДА КУРМАН БОЛГОНДОРДУ ЭСКЕРҮҮ КҮНҮ
-
11.04.2025 / Автор anarkan_kg ҮЧ-КОРГОН ГЭСИН РЕКОНСТРУКЦИЯЛОО ИШТЕРИ АКТИВЕШТИРИЛДИ
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg Жакып МАМАЖАНОВ: “КЕҢИРИ ФОРМАТТАГЫ ЖОЛУГУШУУЛАРДЫ АКТИВДЕШТИРДИК!”
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.