Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЗОМБУЛУКСУЗ ЖАШАГАНГА КӨНӨЛҮ!
АТАЙЫН РОТАНЫН БЕШ АЙЫНЫН ЖЫЙНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАРДЫ СЫЙЛАДЫ
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
840 Бардыгы / БИШКЕК. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик Агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиевди жана Суу ресурстары мамлекеттик Агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошевди кабыл алды. Суу менен камыздоо чөйрөсүнүн учурдагы абалы жана көйгөйлөрү, ишмердиги, өлкөбүздүн ирригациялык системалар түйүнүнүн жана суу менен камсыз кылуу системаларын реконструкциялоо […]
841 Бардыгы / БИШКЕК. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик Агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиевди жана Суу ресурстары мамлекеттик Агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошевди кабыл алды. Суу менен камыздоо чөйрөсүнүн учурдагы абалы жана көйгөйлөрү, ишмердиги, өлкөбүздүн ирригациялык системалар түйүнүнүн жана суу менен камсыз кылуу системаларын реконструкциялоо […]
ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ИРРИГАЦИЯ ЖАНА КАЛКТЫ ТАЗА СУУ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУ БОЮНЧА ДОЛБООРЛОРДУ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУНУН ЖҮРҮШҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ
23.09.2019 / Автор aymak

842 Бардыгы /
БИШКЕК. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик Агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиевди жана Суу ресурстары мамлекеттик Агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошевди кабыл алды.
Суу менен камыздоо чөйрөсүнүн учурдагы абалы жана көйгөйлөрү, ишмердиги, өлкөбүздүн ирригациялык системалар түйүнүнүн жана суу менен камсыз кылуу системаларын реконструкциялоо жана кеңейтүү боюнча артыкчылыктуу пландары кең-кесири талкууланды. Сооронбай Жээнбеков ирригация жана калкты суу менен камсыз кылуу анын президенттик ишмердигинин артыкчылыктуу маселелери экенин өзгөчө белгиледи. 2023-жылга чейин өлкөнүн бардык айылдарын таза суу менен камсыздоо боюнча амбициялык тапшырма коюлгандыгын дагы катуу эске салды. Президент 2017-2026-жылдарга карата Ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик Программасын ишке ашырууда чечимдерди кабыл алууда натыйжалуулукту жана ыкчамдыкты жогорулатуу үчүн бирдиктүү орган — Суу ресурстары мамлекеттик Агенттиги түзүлгөндүгүн жана анын алдында мамлекеттин суу саясатын жакшыртуу боюнча милдет тургандыгын баса белгиледи. Президент Сооронбай Жээнбеков бул максаттарга гранттык каражаттарды тартуу боюнча жумуштарды активдештирип, бардык иштер сапаттуу аткарылышы керектигине токтолду. Ошондой эле кийинки жылга карата ири инфратүзүмдүк долбоорлордун алкагында Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылына кошумча 1800 гектар сугат жерин киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн Арка массивине суу тартууга дюкер куруу зарылдыгы баса белгиленди. Буга керектелген 1,9 миллиард сомдун бир бөлүгү республикалык бюджетке 2020-жылга каралат, калган бөлүгү Эл аралык каржы институттардын каражаттарынын эсебинен тартылат.
Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев Ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик Программасына киргизилген 46 ирригациялык обьектилердин арасынан 2023-жылга чейин артыкчылыктуу тартипте 32 обьект биротоло аныкталганын билдирди. Ушул тапта эки ирригациялык обьектиде жумуштар бүткөрүлүп, он төртүндө реконструкция жана курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Анын маалыматына караганда, мамлекеттик бюджеттин жүктөмүн азайтуу үчүн эл аралык өнөктөштөрдүн каражаттарынын эсебинен өнүктүрүү боюнча иштер жүрүгүзүлүүдө. Калган обьектилер боюнча дарамети күч инвесторлор менен маселелерди кайрадан иштеп чыгуу үчүн документтердин долбоордук-сметасы даяр.
Көкүмбек Таштаналиев Ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик Программасынын алкагында 46 ирригациялык обьектинин жыйынтыкталышы менен 65 миң гектар жаңы сугат жерлер, 51 миң гектар сугат жерлердин суу менен камсыз болуусу жогорулап, 50 миң гектар жердин мелиоративдик жөндөмдүүлүгү жакшыраарын жана 9,5 миң гектар жердин насостук станциялары өзү агып туруучу сугатка өткөрүлөөрүн кошумчалады. Мындан тышкары 245 миңге жакын жаңы жумуш орундары түзүлөт. Суу ресурстары мамлекеттик Агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү Департаментинин директору Аскарбек Токтошев таза суу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну өнүктүрүү үчүн Эл аралык өнөктөштөрдүн каражаттарын тартуу боюнча иштер активдүү жүргүзүлүп жатканын кошумчалады. Негизинен Европалык Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкы, Дүйнөлүк Банк, Ислам өнүктүрүү Банкынан жана башкалардан. Ушул тапта өлкө аймактары боюнча таза суу долбоорлорун ишке ашырууга донорлордон тартылган каражаттар бөлүштүрүлүүдө.
Соңунда Аскарбек Токтошев 2023-жылга чейин өлкөбүздүн бардык айылдарын таза суу менен камсыз кылуу үчүн каражаттар жетиштүү экендигин, анын ичинен 2018-жылы 653 айылдын 69 айылы таза суу менен камсыздалды, 2019-жылдын аягына чейин дагы 44 айылды таза суу менен камсыз кылуу пландаштырылып жаткандыгын баса белгиледи.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
13.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖКККББнын БЕШ АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРУУ БОЮНЧА ЫКЧАМ КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
13.06.2025 / Автор anarkan_kg ЗОМБУЛУКСУЗ ЖАШАГАНГА КӨНӨЛҮ!
-
13.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДА 2010-ЖЫЛДАГЫ ИЮНЬ ОКУЯСЫНЫН 15 ЖЫЛДЫГЫ ЭСКЕРИЛДИ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.