Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
1,186 Бардыгы / АНКАРА. Анкара шаарында Түрк тарыхый коомунун кеңсесинде Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги Түркия Республикасындагы Жергиликтүү ой жүгүртүү коому менен биргеликте тарыхый инсан Курманжан Датканын элесине арналган «Азиянын биринчи генерал айымы» деп аталган эскерүү маданий иш–чарасын уюштурду. Эскерүү кечеси эки мамлекеттин гимндери менен ачылып, Курманжан Датка тууралуу кыскача видео тасма тартууланды. Иш чаранын алкагында Кыргыз Элчисии Кубанычбек Өмүралиев, Түркия Республикасынын Президентинин башкы Кеңешчиси Ялчын Топчу, Түркиянын Парламентинин […]
1,187 Бардыгы / АНКАРА. Анкара шаарында Түрк тарыхый коомунун кеңсесинде Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги Түркия Республикасындагы Жергиликтүү ой жүгүртүү коому менен биргеликте тарыхый инсан Курманжан Датканын элесине арналган «Азиянын биринчи генерал айымы» деп аталган эскерүү маданий иш–чарасын уюштурду. Эскерүү кечеси эки мамлекеттин гимндери менен ачылып, Курманжан Датка тууралуу кыскача видео тасма тартууланды. Иш чаранын алкагында Кыргыз Элчисии Кубанычбек Өмүралиев, Түркия Республикасынын Президентинин башкы Кеңешчиси Ялчын Топчу, Түркиянын Парламентинин […]
АНКАРА ШААРЫНДА «АЗИЯНЫН БИРИНЧИ ГЕНЕРАЛ АЙЫМЫ» ДЕП АТАЛГАН ЭСКЕРҮҮ МАДАНИЙ ИШ-ЧАРАСЫН УЮШТУРУЛДУ
07.02.2020 / Автор aymak

1,188 Бардыгы /
АНКАРА. Анкара шаарында Түрк тарыхый коомунун кеңсесинде Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги Түркия Республикасындагы Жергиликтүү ой жүгүртүү коому менен биргеликте тарыхый инсан Курманжан Датканын элесине арналган «Азиянын биринчи генерал айымы» деп аталган эскерүү маданий иш–чарасын уюштурду.
Эскерүү кечеси эки мамлекеттин гимндери менен ачылып, Курманжан Датка тууралуу кыскача видео тасма тартууланды. Иш чаранын алкагында Кыргыз Элчисии Кубанычбек Өмүралиев, Түркия Республикасынын Президентинин башкы Кеңешчиси Ялчын Топчу, Түркиянын Парламентинин (Улуу Улуттук Жыйынынын) мүчөсү, Кыргызстан жана Түркиянын Парламенттер аралык достук Тобунун жетекчиси Сабри Өзтүрк, Түркия Республикасындагы Жергиликтүү ой жүгүртүү коомунун Башчысы, Түркиянын Парламентинин мүчөсүМетин Гүндогду жана түрк профессору Абдулселам Арвас мырзалар Курманжан Датканын өмүрү жана ишмердүүлүгү жөнүдө кеңири баяндама жасашты.
Эскерүү маалында Кыргыз Элчиси Кубанычбек Өмүралиев өзүнүн даанышмандыгы, акылмандыгы жана нукура дипломаттыгы менен тарыхта калган Датка айым – өз балдарынын гана эмес, жалпы Кыргыз элинин дагымээримдүү энеси болгондугун, Кыргыз элинин бейпилдигин камсыз кылуу үчүн өзуулун курмандыкка бергендигин; аткарган иштери келечек муун үчүн таптакыр унутулгус экендигин белгиледи. Өзгөчө Курманжан Датканын жашыруун ат менен жарыялаган ырларын, акындык талантын дагы баса белгиледи.
Ал эми Түркия Республикасынын Президентинин башкы Кеңешчиси Ялчын Топчу Курманжан Датканы бүткүл дүйнөдөгү айымдар үчүн сонун үлгү сыңары тааныта турган Кыргыздан чыккан Түрк элдеринин баатыр аялзаты болгондугун баса белгиледи. Ал эми Түркиянын Парламенттер аралык достук Тобунун жетекчиси Сабри Өзтүрк өзщ сөзүндө Курманжан датка түрк дүйнөсүндө чоң кадыр-баркка арзыган күчтүү генерал айым экендигин белгилеп, датка апабызды «Жоодо – баатыр, үйдө – кут!» деп атады. Маданий иш чарада, түрк профессору Абдулселам Арвас датка апабызды дүйнө тарыхында из калтырган айымдар менен салыштырып, кыскача өмүр таржымалы тууралуу баяндап, теңдеши жок зор инсан болгондугун абдан катуу белгиледи. Аталган маданий кечеге Анкарадагы чет өлкөлөрдүн Элчиликтеринин жана Түркиянын министрликтеринин, ведомстволорунун жана жергиликтүү аймактарынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жана коомдук бирикмелердин жетекчилери, бизнес чөйрөсүнэн жана Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, Түрк жана Кыргыз студенттер, ошондой эле Түркиянын аймагында жашаган Кыргыз жарандарынын диаспораларынын өкүлдөрү, мунун ичинде Анкара шаарынын Чубук муниципалитетинде жашап жатышкан Алайдан көчүрүлгөн этникалык кыргыздар дагы катышты. Бул иш-чаранын негизги максаты мамлекеттик ишмер, саясатчы, дипломат жана эл оозунда Курманжан датка жана Алай ханышасы деп аталган тарыхый инсаныбызды атын Кыргызстандан тышкары Түркия жана Түрк дүйнөсүнө таанытуу болуп саналат.
МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ: Түрк тарых коому (Türk Tarih Kurumu) – Түркиянын Өкмөтүнө караштуу коомдук уюм, 1931-жылы Ататүрктүн демилгеси менен уюшулуп, Түркиянын жана түрк элдеринин тарыхын таанытуу жана изилдөө максатында түптөлгөн.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
23.06.2026 / Автор anarkan_kg ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
-
22.06.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЭЛДИК ЖЫЙЫНДАР ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
-
-
17.07.2025 / Автор anarkan_kg ЭРКИН КҮРӨШ БОЮНЧА АКСЫДАН ЧЫККАН БАЛБАН
-
01.08.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ҮЧ АЙЛЫК ИШЕМБИЛИК ЖАРЫЯЛАНДЫ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.