Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
4,576 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Мектепте адам көп болгондуктан, аларды эвакуация кылуу, адамдарды батирден эвакуация кылууга караганда көп убакытты алат. Сузак райондук ӨКБнын ӨӨжААБнын улук офицери, капитан А.Имановдун айтымында мектепте өрт чыкса, кабыл алынган чараларды ырааты менен колдонуу керек. Биринчиден – өрттөнүп жаткан бөлмөнүн эшигин жабуу керек. Эгер сиз өрттү терезенин сыртынан көрсөңүз, анда ал бөлмөгө кирүүгө […]
4,577 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Мектепте адам көп болгондуктан, аларды эвакуация кылуу, адамдарды батирден эвакуация кылууга караганда көп убакытты алат. Сузак райондук ӨКБнын ӨӨжААБнын улук офицери, капитан А.Имановдун айтымында мектепте өрт чыкса, кабыл алынган чараларды ырааты менен колдонуу керек. Биринчиден – өрттөнүп жаткан бөлмөнүн эшигин жабуу керек. Эгер сиз өрттү терезенин сыртынан көрсөңүз, анда ал бөлмөгө кирүүгө […]
СИЗДИН МЕКТЕПТЕ ӨРТ ЧЫКСА ЭМНЕ КЫЛЫШЫҢЫЗ КЕРЕК?
27.02.2020 / Автор aymak

4,578 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. Мектепте адам көп болгондуктан, аларды эвакуация кылуу, адамдарды батирден эвакуация кылууга караганда көп убакытты алат. Сузак райондук ӨКБнын ӨӨжААБнын улук офицери, капитан А.Имановдун айтымында мектепте өрт чыкса, кабыл алынган чараларды ырааты менен колдонуу керек.
Биринчиден – өрттөнүп жаткан бөлмөнүн эшигин жабуу керек. Эгер сиз өрттү терезенин сыртынан көрсөңүз, анда ал бөлмөгө кирүүгө аракет кылбаңыз. Ачык эшик түтүндү эле чыгарбастан, ошондой эле эвакуация кылууга да тоскоолдук кылат, күтүлбөгөн жерден абанын кириши өрттүн чоң ылдамдыкта өрчүшүнө алып келет. Тезинен айгай көтөрүп, катуу кыйкырып, өрт жөнүндө билдирүү керек. Өрт жөнүндө жакын турган персоналдардын мүчөсүнө билдириңиз, ал болсо адамдарды тез аранын ичинде мектептин имаратынан эвакуация кылуу чараларын көрөт. Ар бир адам милдеттүү түрдө мурдатан макулдашылган чогулуу пунктуна келиши керек, ал жерде бардыгы мектептен эвакуацияланганын билүү үчүн атынан айтып текшерүү жүргүзүлүүсү зарыл. Өрт чыгары менен тез арада «101» телефонуна чалып, өрткө каршы-куткаруу кызматын чакыруу керек.
Өрткө каршы-куткаруу кызматы келген маалга биринчи кезекте төмөнкүлөрдү билүү зарыл:
– Өрт кайсы бөлмөдө болуп жатат.
– Имараттан баардыгы эвакуацияланганбы.
Өрт учурунда мектептен эвакуациялоонун тартиби:
– Айгай.
– Өрткө каршы-куткаруу кызматын чакыруу.
– Эвакуациялоо.
– Чогулуу.
– Атынан атап текшерүү.
Айгай
– Ар бир адам (окуучубу же персоналдык мүчөсүбү) өрт чыкканын байкагандан кийин, олку-солку болбостон өрт жөнүндө айгай көтөрүүсү зарыл.
Өрткө каршы – куткаруу кызматын чакыруу.
– Ар кандай өрттүн чыгышы тууралуу, жада калса кичине өрт болсо да же өрт жөнүндө шек туулса өрткө каршы-куткаруу кызматына ыкчам менен кабарлоо керек.
Эвакуациялоо
– Окуучулар айгайды уккандан кийин өздөрүнүн парталарынан туруп, класка жооптуу мугалимдин көрсөтүүсү менен бирбирден класты таштап, чогулуу пунктуна чогулуу керек. Окучулар ирети менен, бирдей кадамдап басуулары керек. Класстык бөлмөнүн жана эвакуациянын жолундагы эвакуация учурунда колдонулбай турган башка бардык эшиктерди жабу зарыл.
Чогулуу
– Чогулуу жайы мурдатан макулдашылышы керек.
– Чогулуу жайына келип, ар бир класс же адамдардын тобу бөлүнүп аныкталган жайларды ээлеп, тарап кетпей, ошол жерде болуп турушу керек.
Атын айтып чакыруу
– Окуучулар чогулуу жайына келери менен тезинен атынан атап чакырууну жүргүзүү керек.
№1-эреже
Жолдогу бардык эшиктерди жапкыла, муну менен сиз өрттн жолун торойсуз. (жабык эшик өрттү 15 мүнөткө кармайт)
№2-эреже
– Өрттөн качып баратып, өрт жөнүндө бардыгына эскертиңиз (эч нерсе издебеңиз, өрттөн тезирээк кетиңиз)
№3-эреже
– Мугалимге өрт жөнүндө кабарлаңыз.
№4-эреже
– Эвакуациялаңыз.
№5-эреже
– Мектептен же жакын арадагы таксафондон же телефондон 101 номерин терип, өрткө каршы-куткаруу кызматына мектептин дареги жана өзүңүз жөнүндө (аты жөнү, кайсы класстын окуучусусуз) так маалыматты айтыңыз.
№6-эреже
Кайра артка кирбеңиз – сиз жолдо күйүп калышыңыз, же истүү газга ууланып калышыңыз мүмкүн.
“Аймак”
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.