Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
814 Бардыгы / БАТКЕН. Баткен облусунун Кадамжай шаарында Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн орун басары Эрлан Сапарбаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Өзбек Республикасынын Фергана облусунун башчысынын орун басары Мухсинхужа Абдурахманов жетектеген делегация менен жолугушту. Эки тараптуу кездешүүгө аталган аталган облустардын бир катар ишкерлери дагы катышышты. Адегенде тараптар Баткен жана Фергана облустарынын ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык […]
815 Бардыгы / БАТКЕН. Баткен облусунун Кадамжай шаарында Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн орун басары Эрлан Сапарбаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Өзбек Республикасынын Фергана облусунун башчысынын орун басары Мухсинхужа Абдурахманов жетектеген делегация менен жолугушту. Эки тараптуу кездешүүгө аталган аталган облустардын бир катар ишкерлери дагы катышышты. Адегенде тараптар Баткен жана Фергана облустарынын ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык […]
КОҢШУЛАШ БАТКЕН ЖАНА ФЕРГАНА ОБЛУСТАРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ЖОЛУГУШТУ
15.03.2021 / Автор aymak

816 Бардыгы /
БАТКЕН. Баткен облусунун Кадамжай шаарында Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн орун басары Эрлан Сапарбаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Өзбек Республикасынын Фергана облусунун башчысынын орун басары Мухсинхужа Абдурахманов жетектеген делегация менен жолугушту. Эки тараптуу кездешүүгө аталган аталган облустардын бир катар ишкерлери дагы катышышты.
Адегенде тараптар Баткен жана Фергана облустарынын ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий байланыштарды чыңдоо, эки элдин ынтымагын, карым-катнашын мындан ары бекемдөө жаатындагы өз ара кызматташуу пландарын кең-кесири талкуулашты. Фергана облусунун делегациясы агрардык аймак катары саналган Баткен облусунун айыл чарба продукцияларын Фергана облусуна туруктуу экспорттоого кызыкдар экендигин кыйытышты. Өзгөчө Кадамжай районунан малина менен гиластын чоң көлөмүн алуу мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин баса белгилешти. Ошондой эле туризмди өнүктүрүү боюнча бир катар сунуш-пикирлер дагы айтылды. Маселен, Баткен облусундагы Өзбекстандын Шахимардан жана Баткен облусунун Дугаба эс алуу жайларына эс алуучуларды байма-бай тартуу, муну үчүн чек ара автожол көзөмөлдөп-өткөрүү бекеттеринде эки мамлекеттин жарандарынын өтүүсүн өтө жөнөкөйлөштүрүү маселеси дагы үстөккө-босток көтөрүлдү.
Ишкерлер айыл чарба продукциялары менен катар кен байлыктарын кайра иштетүү эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары экендигин деле жашырышкан жок. Ошондой эле биргелешкен медициналык мекемелерди, медициналык каражаттарды жана шаймандарды чыгаруучу ишканаларды ачуу жаатында дагы мүмкүнчүлүктөрдү орой-чарай талкуулашты. Эрлан Сапарбаев менен Мухсинхужа Абдурахманов өз кызматташууда ар бир тармак боюнча облуста атайын жооптуу адистерди дайындоо, конкреттүү жана расмий сунуштар менен алмашуу, тийиштүү обьекттерди жеринде көрүү менен кызматташууну токтоосуз жолго салууда өз ара активдүү иш аракеттерди жүзөгө ашырууну ачык-айкын сүйлөшүштү. Эң негизгиси эки тараптуу кызматташууну мындан ары ийгиликтүү илгерилетүү максатында Баткен жана Фергана облустарында соода-экономикалык маселелер боюнча иш алып бара турган туруктуу Өкүлчүлүктөрдү ачуу жаатын катуу макулдашышты.
Белгилей кетчү жагдай: буга чейин ушул жылдын 11-12-мартында Кыргызстан менен Өзбекстандын өлкө башчылары Ташкент шаарында расмий жолугушуп, анда эки мамлекеттин кызматташуусун жаңы сапаттык денгээлин түптөө максатында 22 документке кол коюлган. Жолугушууда Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев менен Өзбекстан
Республикасынын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров дагы кызматташуу жаатында 22 беренеден турган эки облустун бирдиктүү жол картасына кол коюшкан.
Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШМУДА ТҮШТҮК АЙМАГЫНЫН МУГАЛИМДЕРИН ОКУТУШТУ
-
06.05.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ОБЛУСУНДА 23 ТОННА АКЦИЗ МАРКАСЫЗ МОТОР МАЙЫ ТАБЫЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.