Аймак

ПУТИНДИН ДОСУ МЕНЕН ЖЭЭНИНЕ ТААНДЫК КОМПАНИЯ АЛИШЕР УСМАНОВДОН VK’НЫ САТЫП АЛДЫ

ПУТИНДИН ДОСУ МЕНЕН ЖЭЭНИНЕ ТААНДЫК КОМПАНИЯ АЛИШЕР УСМАНОВДОН VK’НЫ САТЫП АЛДЫ

 906 Бардыгы /

Миллиардер Алишер Усмановдун USM холдинги VK интернет-компаниясынын (мурдагы Mail.ru Group) акцияларынын контролдук пакетин “СОГАЗ” камсыздандыруу тобуна сатты. “СОГАЗга” Владимир Путиндин досу Юрий Ковальчук, анын үй-бүлөсү, Путиндин жээни Михаил Шеломов жана “Газпром” ээлик кылат.

“СОГАЗ” “Газпромбанк” аркылуу интернет-компаниянын дагы бир ири акциялар топтомуна ээлик кылат. Өз кезегинде VK’га Орусиядагы ири социалдык түйүндөр – “ВКонтакте”, “Одноклассники”, mail.ru почтасы жана башка бир нече сервис таандык. Анын жалпы баасы 4,5 миллиард доллардан ашат.

Маалыматка караганда, USM “СОГАЗга” VK акцияларынын 57,3% ээлик кылган “МФ технологии” компаниясынын капиталындагы 45% үлүшүн сатты. Бул келишимдин суммасы ачыкталган жок. Ноябрда “Сбербанк” “МФтин” акцияларынын 36% “Газпромбанкка” 12,8 миллиард рублге саткан. Акциялардын дагы бир ири топтомуна Путин менен Дрезденде бирге кызмат өтөгөн Сергей Чемезов жетектеген “Ростех” мамлекеттик ишканасы ээлик кылат.

Forbes журналы 2020-жылы Mail.ru group деп аталган VK’ны Орусиядагы эң ири компаниялардын тизмесинде төртүнчү сапка жайгаштырган.

Компаниянын отчётуна ылайык, VK’нын жалпы кирешеси 2021-жылдын үчүнчү кварталында былтыркы жылдагы ушул мезгилге салыштырмалуу 19% көбөйүп, 30,41 миллиард рублди түзгөн. Холдинг баарынан жарнамадан жана оюн бизнесинен көп каражат тапкан.

2020-жылы декабрда “Проект” басылмасы өз иликтөөсүндө Юрий Ковальчукту президенттин жашоосунун эң жашыруун аспектилери үчүн жооп берген “өлкөдөгү экинчи таасирдүү адам” деп атаган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17