Аймак

18 ЖАШТАГЫ ӨСПҮРҮМДҮ ТОНОГОН ДЕП 21 ЖАШТАГЫ ЖИГИТ КАРМАЛДЫ

18 ЖАШТАГЫ ӨСПҮРҮМДҮ ТОНОГОН ДЕП 21 ЖАШТАГЫ ЖИГИТ КАРМАЛДЫ

 480 Бардыгы /

ЖАЛАД-АБАД. Жалал-Абад милициясы 18 жаштагы өспүрүмдү тоногон шектүүнү акыры кармады.

          Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы маалымдагандай, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө 29 жаштагы М.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал өз даттануусунда 18 жаштагы бир тууган инисинин “Самсунг” үлгүсүндөгү кол телефонун 2021-жылдын 31-декабрында саат 22:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын эски футбол ойноочу аянтында өзүн “Немат” деп тааныштырган бала коркутуп-үркөтүп алып койгондугун билдирген. Ошентип, аталган факты Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын  Кылмыш-Жаза Кодексинин 206-беренеси (“Тоноо”) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

          Жалал-Абад ШИИБнын Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Жалал-Абад шаарынын тургуну 1999-жылы туулган Ш.Н. кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Мындан тышкары Ш.Н.нын Жалал-Абад ШИИБдин КБРде өндүрүштө турган дагы бир тоноо фактысына катышы бар экени аныкталды. Ушул тапта шектүүнүн мындан башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгын, же жоктогун тактоо иштери улантылып жатат.

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17