Аймак

САРЫ-ЧЕЛЕК КОРУГУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ МАМЛЕКЕТКЕ 1,2 МИЛЛИОН СОМ ЗЫЯН КЕЛТИРИШКЕН

САРЫ-ЧЕЛЕК КОРУГУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ МАМЛЕКЕТКЕ 1,2 МИЛЛИОН СОМ ЗЫЯН КЕЛТИРИШКЕН

 1,758 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад облусана караштуу Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругунун кызматкерлери мамлекетке 1,2 миллион сомдук зыян келтиришкен. Бул туурасында Башкы прокуратурадан маалымдашты.

          Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, аталган коруктун кызмат адамдары мекеменин оргтехникалык каражаттарын, аттарын, ошондой эле аселдин сатылышынан түшкөн кирешелерди өздөрүнө бүтүндөй сиңирип алышкан. Мунун айынан мамлекет 1,2 миллион сомдук чыгашага учураган.

          Соңку сааттарда Башкы прокуратура Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругунун кызматкерлериниин үстүнөн «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренси боюнча кылмыш ишин козгоп, аларга чыгымды гана төлөтпөстөн, кылмыш жоопкерчилгине дагы тартууга киришти.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17