Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
Соода-сатык
Конкурс ЖАМУ
КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
АУКЦИОН Могол айыл аймагы
АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
АУКЦИОН Могол айыл аймагы
Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
«ЖЕР МУНАПЫСЫН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОБОНУ БЕКИТҮҮ ТУУРАЛУУ” САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
Сакалды айыл аймагы ТООРУК АРКЫЛУУ САТУУ ТУУРАЛУУ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
АУКЦИОН САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
СЫНАК АК-СУУ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

КАМЧЫ КӨЛБАЕВГЕ БАЙЛАНЫШТУУ КАРМАЛГАН ӨЗГӨНДҮН МЭРИНИН БӨГӨТ ЧАРАСЫ ӨЗГӨРТҮҮСҮЗ КАЛТЫРЫЛДЫ

КАМЧЫ КӨЛБАЕВГЕ БАЙЛАНЫШТУУ КАРМАЛГАН ӨЗГӨНДҮН МЭРИНИН БӨГӨТ ЧАРАСЫ ӨЗГӨРТҮҮСҮЗ КАЛТЫРЫЛДЫ

 930 Бардыгы /

Кримтөбөл Камчы Көлбаевге байланыштуу кармалган Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарынын мэри Дамир Моңолдоровдун бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылды. Кечээ, 29-ноябрда, Ош облустук соту шаардык соттун Моңолдоровду камакта кармоо тууралуу чечимин күчүндө калтыргандыгын кабарчыбызга анын жактоочусу Жылдыз Кадырова билдирди.

    Ушул жылдын 14-ноябрында Ош шаардык соту Өзгөн шаарынын мэриДамир Моңолдоровдун ишин карап жаткан тергөөчүнүн өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырып, аны 9-декабрга чейин камакта калтырган эле. Ал эми жактоочу Жылдыз Кадырова мындай чечим мыйзамсыз деген пикирин билдирип, Ош облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган. 15-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Моңолдоров кармалгандыгын, ага “Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулук көрсөтөм деп коркутуу” беренеси боюнча айып тагылгандыгын, ал “Кримчөйрөнүн анабашы” атыккан Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун ишине дагы катышкандыгын, топтун мүчөлөрүнүн жардамы аркасында аны сындаган активисттерди коркуткан деп шектелип жаткандыгын маалымдаган.

    Баса, Дамир Моңолдоров бул убакка дейре «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими жана Балыкчы шаарынын мэри болгон. Өзгөн шаарына башчы болуп 2022-жылдын май айында дайындалган. Атайын кызматтын койгон айыбы боюнча анын жактоочулары азырынча комментарий берише элек.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17