Аймак

БАТКЕНДЕ КЫРГЫЗ ЭЛ АРТИСТИ АППАЗ ЖАЙНАКОВДУН ЫСМЫ МЕКТЕПКЕ ЫЙГАРЫЛДЫ

БАТКЕНДЕ КЫРГЫЗ ЭЛ АРТИСТИ АППАЗ ЖАЙНАКОВДУН ЫСМЫ МЕКТЕПКЕ ЫЙГАРЫЛДЫ

 918 Бардыгы /

          БАТКЕН. Баткен облусундагы Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы орто мектепке Кыргыз Эл артисти Аппаз Жайнаковдун ысмын ыйгарылды. Бул иш-чарага президенттин Баткендеги Өкүлүнүн биринчи орну басары Маруфхан Тулаев баштаган жетекчилер, чыгармачыл инсандар, Аппаз Жайнаковдун жакындары, айылдаштары, мугалимдер жана окуучулар катышышты.

         Аталган иш чаранын жүрүшүндө Апас Жайнаковдун эстелиги ачылып, анын арбагына багышталып куран дагы окулду. Салтанаттын катышуучулары Кыргыз Эл артистинин  Кыргыз элин, жерин даңазалаган чыгармалары, мамлекеттин гимнине тете болгон обондору түбөлүктүү экенин, миң жылдар алмашса дагы, бул улуу чыгармалар элдин жүрөгүндө сакталаарын баса белгилешти. Салтанаттуу аземде жергиликтүу таланттар тарабынан Аппаз Жайнаковдун чыгармалары дагы тартууланды.

          Белгилей кетээрибиз: чек арада жайгашкан Үч-Дөбө айылына мамлекет тарабынан типтүү мектеп курулуп, 2022-жылы пайдаланууга берилген. Мектепке Кыргыз Эл артистинин жеке буюмдары, аккардеону, сыйлыктары дагы коюлду.

          Баса, Аппаз Жайнаков 1960-жылы Баткен районунун Үч-Дөбө айылында туулган. 1995-жылы Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти наамына татыктуу болгон. Ал эми 2003жылы Кыргызстандын Эл артисти наамы ыйгарылган. 2006-жылы Баткен облустук музыкалык драма театрын негиздеген. Обончунун көзү өткөндөн кийин анын аты өзү эмгектенген аталган театрга берилген. Аппаз Жайнаков Баткен облусунун гимнинин автору. Учурда анын ысмы өзү жашаган Баткен шаарындагы көчөгө да ыйгарылган. Обончу 2013-жылы 9-октябрда, 53 жашында оорудан улам көз жумган.

           Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17