Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
«ЖЕР МУНАПЫСЫН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОБОНУ БЕКИТҮҮ ТУУРАЛУУ” САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
Сакалды айыл аймагы ТООРУК АРКЫЛУУ САТУУ ТУУРАЛУУ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
АУКЦИОН САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
СЫНАК АК-СУУ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНДУК САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

ОШМПУ БАТКЕНДИН МЕКТЕПТЕРИ МЕНЕН ИЙИНДЕШЕ ИШТЕШЕТ

ОШМПУ БАТКЕНДИН МЕКТЕПТЕРИ МЕНЕН ИЙИНДЕШЕ ИШТЕШЕТ

 504 Бардыгы /

БАТКЕН. Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу жана ЖОЖго чейинки даярдоо бөлүмү Баткен облусуна атайын сапарлады.

          Ошентип, ОшМПУнун мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу жана ЖОЖго чейинки даярдоо бөлүмүнүн адистери Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунун жана Баткен шаарынын билим берүү бөлүмүнүн жетекчилери, Баткен районундагы мектептердин директорлору менен бетме-бет жолугушуп, буга улай мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу менен мектеп окуучуларын ЖРТга даярдоо жаатында келишимдер дагы түзүлдү. Макулдашууга ылайык, мындан ары аталган аймактагы мугалимдерге ОшМПУнун окутуучулары тарабынан көчмө семинарлар жана чейрек аягындагы эс алуу маалында университеттин өзүндө мастер-класс,тренингдер байма-бай уюштурулат. Мындан тышкары бүтүрүүчү класстын окуучуларын ЖРТга даярдоо боюнча дагы бир топ биргелешкен пландар түзүлдү.

          Ошентип, бул жолку жолугушуунун жүрүшүндө аймактагы билим берүү башкармалыктарынын жетекчилери ОшМПУ мектеп көйгөйүн  жакшы билип, чыныгы педагогдорду даярдаган жогорку окуу жай сыңары үзгүлтүксүз иш алып барууга кызыкдар экенин ачыкташты. Муну менен катар университеттин мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу бөлүмү ушул убакытка дейре мугалимдер менен тыгыз иштешип, алардын билимин жогорулатууга салым кошуп келе жаткандыгы үчүн аталган бөлүмдүн жетекчиси Жыпаргүл Шербаеванын эмгеги баса белгиленип, бөлүмдүн дарегине  терең ыраазычылыктар дагы айтылды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17