Аймак

МИЛИЦИЯ СУУГА ЧӨГҮҮЛӨРДҮН АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗҮҮДӨ

МИЛИЦИЯ СУУГА ЧӨГҮҮЛӨРДҮН АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗҮҮДӨ

 891 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Суу кырсыктарына бөгөт коюу максатында облус аймагында милиция тарабынан тынымсыз профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, азыркы учурда абанын температурасы жогорулап, сууга түшкөн жарандардын саны арбып барат. Эл көп барган көлмөлөрдүн, дарыялардын кооптуу участокторуна эскертүү тактайчалары орнотулган.

Чаткал РИИБдин кызматкерлери Кайың-Суу, Каныш-Кыя, Чандалаш, Жаңы-Базар айылдарында сууга түшүп жаткан өспүрүмдөгө түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Алыскы аралыкка сүзбөө, илинген эскертүү тактайчаларына көңүл буруу, сууда бири-бири менен ойнобоо керектигин эскертишти.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17