Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
«ЖЕР МУНАПЫСЫН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОБОНУ БЕКИТҮҮ ТУУРАЛУУ” САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
Сакалды айыл аймагы ТООРУК АРКЫЛУУ САТУУ ТУУРАЛУУ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
АУКЦИОН САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
СЫНАК АК-СУУ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНДУК САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

МАЙЛУУ-СУУДА ҮЧ ОТКАЗАН ТЕҢ КАТАРЫНАН ИШТЕП, ТУРГУНДАРГА ЖЫЛУУЛУК БЕРИЛҮҮДӨ

МАЙЛУУ-СУУДА ҮЧ ОТКАЗАН ТЕҢ КАТАРЫНАН ИШТЕП, ТУРГУНДАРГА ЖЫЛУУЛУК БЕРИЛҮҮДӨ

 60 Бардыгы /

          ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарында №3-отказан дагы иштей баштап, 375 абонентке жылуулук бериле баштады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

          Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматынакараганда, ушул тапта кезек-кезеги менен үйлөргө дагы жылуулук бериле баштады. Майлуу-Суу шаарында №3-отказанды кайрадан иштетүү үчүн жаңы 500 метр узундуктагы желим түтүк Майлуу-Суу дарыясына чейин тартылып, суу насосу орнотулган. Ал эми буга дейре 1 миң 234 абонентти жылуулук менен камсыздаган №1-жана 198 абонентке жылуулук берген №4-отказан ишке берилген эле. Ошентип, шаар тургундарын таза суу менен толук кандуу камсыздоо максатында дагы да болсо суу түтүктөрүн эритүү иши кызуу жүрүүдө. Ушул тапта шаарда кырсыкты четтетүүгө жалпысынан 243 кызматкер, суу ташуу үчүн төрт өрт өчүрүүчү унаа жана бир экскаватор, бир трал, 44 техника кызматкер тартылды.

          Эске салчу жагдай: Майлуу-Суу шаарынын аймагындагы катуу сууктун кесепетинен ушул жылдын 12-январь күнү шаардын калкына таза суу берүү дээрлик үзгүлтүккө учураган. Суу берүү системасынын башкы суу сактагычында жана суу берүүчү түтүктөрдө суулар тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөгөн. Ушундан улам шаарга берилүүчү суунун көлөмү кескин түрдө азайгандыктан, Майлуу-Суу шаарын жылуулук менен камсыздаган №1-, №3-, №4-отказандардын жылуулук берүү системаларына суу толук келбей, жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган. Айла куругунда Майлуу-Суу шаарынын аймагына III ордук даражасындагы өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17