Аймак

АКСЫ ЖАНА АЛА-БУКА МИЛИЦИЯСЫ АТКЕЗЧИЛИКТИН АЛДЫН АЛУУДА

АКСЫ ЖАНА АЛА-БУКА МИЛИЦИЯСЫ АТКЕЗЧИЛИКТИН АЛДЫН АЛУУДА

 1,029 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жаңырган 28-январь күнү саат 23:30 чамасында Аксы РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү тобунун (ЭММКАТ) кызматкерлери тарабынан Аксы районунун Кашка-Суу айыл аймагынан Өзбекстан Республикасына аткезчилик жол  менен Аксы районунун 2 жараны 14 баш бодо малды мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылып жаткан жеринен  кармалган.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган факты боюнча топтолгон материал 2023-жылдын 29-январь күнү Аксы РИИБдин МЭЖне Аткезчилик (контрабанда) болуп катталып, алдын ала текшерүү иштери башталган.

Текшерүүдө окуяга тиешеси бар адамдардын өздүктөрү (Аксы районунун тургундары 1969-ж.т. Д.И  жана  1987-ж.т. О.Т.) такталып, алар 14 баш бодо малдарды Өзбекстандын жаранына сатуу үчүн чек ара тарапка айдап чыгышкандыгы аныкталган. Ошондой эле 2023-жылдын 30-январь күнү болжол менен саат 17:35 чамаларында Аксы районунун тургуну “Кеңеш” аттуу жаран Ала-Бука ройонунун Ак-там айылында 4 баш букаларын чек арадан мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылып жаткан жеринен Ала-Бука РИИБдин ЭММКАКнын жана Ала-Бука ройондук чек ара заставасынын кызматкерлери менен биргеликте акт түзүп кармалган.

Аталган факты боюнча маалымат Ала-Бука РИИБдин МЭЖне катталып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тийиштүү материалдар топтолуп, алдын ала териштирүү иштери толугу менен жүргүзүлүп жатат.

 Белгилей кетсек Аксы жана Ала-Бука райондору Өзбекстан Республикасынын Наманган облусу менен чектешип турат.  Бул аймакта аткезчилик жолу менен алектенген жарандарга каршы тиешелүү кызматтар жана милиция тынымсыз күрөш жүргүзүп келет. 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17