Аймак

АЛАЙ РАЙОНУНДА СОПУ-КОРГОН ЖАНА ТЕРЕК АЙЫЛДАРЫН БИРИКТИРГЕН АВТОУНАА ЖОЛУ БИР ТАРАПТУУ АЧЫЛДЫ

АЛАЙ РАЙОНУНДА СОПУ-КОРГОН ЖАНА ТЕРЕК АЙЫЛДАРЫН БИРИКТИРГЕН АВТОУНАА ЖОЛУ БИР ТАРАПТУУ АЧЫЛДЫ

 1,044 Бардыгы /

          ОШ. Акыркы күндөрдө Ош облусуна караштуу Алай районунун Терек жана Кара-Талаа айылдарында нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен абдан катуу сел жүрдү. Маселен, Терек айылында бир үйдүн ичин, төрт үйдүн короо-жайларын сел каптап, а түгүл кум-шагылга дагы жык толтурган. Ошондой эле Сопу-Коргон айылы менен Терек айылдарын байланыштырган ички чарбалык жолдун жети чакырым аралыгында сел калдыктары жолду катарыцнан жаап, каттам-байланыш таптакыр үзүлгөн.

          Ошондуктан, акыркы кырдаалды туруктуу көзөмөлдөө жана дагы маалыматты тактоо максатында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урмат Шамырканов, Ош облустук башкармалыгынан ыкчам топ жана дагы мониторинг жүргүзүү департаментинен 2 кызматкер жерине чыгып кетишти. Булардан тышкары 1 электр мамычасын сел агызып кеткен, бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келген жок. Тазалоо иштерине айыл өкмөтүнүн 1 жүктөгүч, №959 жол тейлөө ишканасынан 1 грейдер тартылды.

          Баса, соңку сааттарда Алай районунда Сопу-Коргон – Терек айылдарын бириктирген унаа жол бир тараптуу гана ачылды. Ал эми чукул тартылган техниканын жардамы аркасында Сопу-Коргон – Терек унаа жолу сел калдыктарынан биротоло тазаланып, какттоого бир тараптуу ачылып, ушул тапта кеңейтүү иштери дагыле кызуу жүрүүдө.

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17