Аймак

НООКАТ РАЙОНДУК СОТУНУН СУДЬЯСЫНЫН КОШ ЖАРАНДЫГЫ ЫРАСТАЛДЫ

НООКАТ РАЙОНДУК СОТУНУН СУДЬЯСЫНЫН КОШ ЖАРАНДЫГЫ ЫРАСТАЛДЫ

 765 Бардыгы /

     ОШ. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМКнын) басма сөз кызматы Ош облусунун Ноокат райондук сотунун тергөө судьясы (Б.Н.М.) чет мамлекеттин жараны экендиги биротоло аныкталгандыгын эми гана ачыктады.

          Атайын кызматтын маалыматына караганда, судья Б.Н.М. 2016-жылы ошол кездеги президенттин жарлыгы менен Кыргызстандын жарандыгын алып, 2021-жылдын 26-июнунда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы болуп дайындалган. Былтыр 30-апрелде ротация болуп Ош облусунун Ноокат райондук сотуна которулган. Ал судьялык кызматка талапкер катары иргөө маалында чет мамлекеттин жарандыгы бар экендигин жашыргандыгы акыры аныкталды. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, башка өлкөнүн жарандыгы бар адамдар таптакыр судья боло алышпайт.

         Ушул жылдын 29-августунда Башкы Прокуратура Судьялар кеңешине Ош облусунун Ноокат районунун судьясына дисциплинардык чара көрүү жөнүндө өтүнүч келтирген. Бирок. судья Б.Н.М. (кийин такталгандай, 48 жаштагы Байзаков Нурлан Марданович) тараптан бул окуяга азырынча эч комментарий бериле элек.

           Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17