Аймак

ЛЕНИНДИН ЭСТЕЛИГИ КАДАМЖАЙ РАЙАКИМЧИЛИГИНИН АЛДЫНАН АЛЫНДЫ

ЛЕНИНДИН ЭСТЕЛИГИ КАДАМЖАЙ РАЙАКИМЧИЛИГИНИН АЛДЫНАН АЛЫНДЫ

 735 Бардыгы /

Баткен облусуна караштуу Кадамжай райондук мамлекеттик акимчилигинин алдындагы пролетариаттын улуу жолбашчысы Владимир Ильич Лениндин эстелиги алынып таштылды. Бул туурсында аталган райондун акими Кутпидин Шакиров билдирди.

    Кутпидин Шакировдун айтымында, Лениндин эстелигин эми башка жакка көчүрүү тарыхчылар жана жергиликтүү калк менен гана кеңешип чечилген.

    – Кадамжай районунан дагы көп улуу инсандар чыккан. Бул жерге ошолордун эстелигин коелу дедик. Анын үстүнө Лениндин эстелигинин эскилиги жетип, реконструкциялоого дагы муктаж экен. Өзүбүздүн дагы залкар инсандарды барктай турган мезгил келди го дейм, – деди Кадамжай районунун акими Кутпидин Шакиров.

    Кутпидин Шакиров бул жерде эч кандай саясат жок экендигин дагы кошумчалады.

    Баса, Совет мамлекетин түптөгөн Лениндин эстелиги Кыргызстандын булуң-бурчунда абдан эле көп. 1984-жылы Бишкектин борбордук аянтына Лениндин эстелиги тургузулган. 2003-жылы ал эски аянтка которулган. Ош шаарынын борборунда ушул тапта бийиктиги 25 метр болгон Лениндин айкели дагыле турат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17