Аймак

БИШКЕК-ОШ АВТОТРАССАСЫНЫН КООПТУУ ДЕЛГЕН ТИЛКЕСИНЕ ТОННЕЛЬ КУРУУ ПЛАНДАШТЫРЫЛУУДА

БИШКЕК-ОШ АВТОТРАССАСЫНЫН КООПТУУ ДЕЛГЕН ТИЛКЕСИНЕ ТОННЕЛЬ КУРУУ ПЛАНДАШТЫРЫЛУУДА

 543 Бардыгы /

Бишкек-Ош автотрассасынын кооптуу делген тилкесине тоннель куруу пландаштырылууда. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

          Маалыматка караганда. Транспорт жана коммуникациялар министрининорун басары Ырысбек Бариев «Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу» долбоорунун «Бишкек-Ош автожолунда табигый кырсыктардын алдын алуу» компонентинин «Туннелди куруу»  кичи компоненти боюнча жүрүп жаткан тендердик жараяндын алкагында кызыкдар жапониялык компаниялардын, Central Consultant Inc консультациялык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Ырысбек Бариев министрлик үчүн башкы милдет Кыргызстандын жол тармагын ырааттуу өнүктүрүү, жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналарын ачыктады. Анткени, адатта күз-кыш мезгилинде өлкө жолдорунда орун алган таш кулоо жана кар көчкү түшүү коркунучу жүк жана жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташууда олуттуу көйгөй жаратып келатат. Буга дейре жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 400-чакырымындагы жол тилкеси кооптуу деп табылып, адистер тарабынан тоннель куруу сунушу айтылган эле.

          Ошентип, «Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу» долбоорунун алкагында Жапониянын JICA агенттигинен алынган насыялык каражаттын бир бөлүгүн Бишкек-Ош автоунаа жолундагы тоннелдин курулушуна жумшоо пландалып, ушул тапта тендердик жараяндын алкагында жолугушуулар жүрүүдө. Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев Жапония Өкмөтүнө жана Эл аралык кызматташтык агенттигине өлкөнүн инфратөзүмдө ого бетер жакшыртуу боюнча маанилүү долбоорлорду жүзөгө ашырууда көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылыгын билдирип, тендердик жараяндын  ийгиликтүү аякташына жана Бишкек-Ош автоунаа жолундагы тоннелдин курулушунун тез арада башталышына үмүт артаарын билдирди.

     Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17