Аймак

ОШ ШААРЫНДА ӨЗБЕКСТАНДЫН БАШКЫ КОНСУЛДУГУ ИШКЕ КИРИШТИ

ОШ ШААРЫНДА ӨЗБЕКСТАНДЫН БАШКЫ КОНСУЛДУГУ ИШКЕ КИРИШТИ

 408 Бардыгы /

Кыргызстандын Түштүк башкалаасында коңшулаш Өзбекстан Республикасынын Конституциясынын күнүнө карата Өзбекстандын Башкы консулдугу расмий ачылды.

          Аталган иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Кыргыз Республикасынын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов жана Ош шаарындагы башка консулдук өкүлдөрү дагы катышышты.

          Ошентип, Өзбекстандын Ош шаарындагы Башкы консулдугу  коңшулаш мамлекете менен экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары ырааттуу өнүктүрүү, өлкөбүздөгү Өзбек жарандарына ар тараптуу жардам берүү максатында гана ачылды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17