Аймак

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫ БОЮНЧА ТОПОГРАФИЯЛЫК ЖУМУШЧУ ТОПТОР ТАЖИКСТАНДА ЖОЛУГУШТУ

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫ БОЮНЧА ТОПОГРАФИЯЛЫК ЖУМУШЧУ ТОПТОР ТАЖИКСТАНДА ЖОЛУГУШТУ

 324 Бардыгы /

          Өз ара жетишилген макулдашууларга ылайык, Тажикстан Республикасынын Согдий облусунун Бустон шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу аяктады.

          Кыргызы Республикасынын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасынын али чечиле элек калган аймактарында биргелешкен ишмердүүлүктү жүргүзүшүп, ишти Кыргыз Республикасынын аймагында боло турган кийинки жолугушууда дагы улантууну чечишти.

          Ошентип, аталган расмий кездешүү достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында гана өттү.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17