Аймак

ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО

ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО

 321 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп Максат Сыдыков дайындалды. Тиешелүү тескемеге Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров кол койгон.

Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүнжаңы дайындалган орун басары облус активине тааныштырылды. Максат Сыдыков 1982-жылы Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылында туулган. Улуту кыргыз, билими жогорку. 2004-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин, 2016-жылы ушул эле окуу жайдын экономика факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинде жетектөөчү адис кызматынан баштаган.

-2008-жылы “Газпром нефть Азия” жоопкерчилиги чектелген коомунда эсепчи;

-2008-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек шаардык финансы башкармалыгында башкы адис;

-2012-2014-жылдары Бишкек шаардык муниципиалдык менчик башкармалыгында бөлүм башчы;

-2014-2015-жылдары “Строй холдинг” жоопкерчилиги чектелген коомунда башкы директордун орун басары;

-2021-жылдын март айынан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн инспектору;

-2021-жылдын 19-майынан 29-октябрына чейин Кыргыз Республикасыны Президентинин Аппаратынын инспектордук-контролдоо иштери бөлүмүнүн инспектору;

-2021-жылдын 29-октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин Админстрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо бөлүмүнүн инспектору кызматында эмгектенип келген.

Буга чейин бул кызматты Эркинбек Маматаев аркалап келген.

Ыйгарым укуктуу өкүл жаңы дайындалган жетекчинин ишине ийгилик каалап, Жалал-Абад облусунун ар тараптуу өнүгүүсүнө жигердүү салым кошууга чакырды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17