Аймак

ЧАТКАЛДА ЖОЛДОРДУ КАРДАН ТАЗАЛОО ИШИ ЖҮРҮҮДӨ

ЧАТКАЛДА ЖОЛДОРДУ КАРДАН ТАЗАЛОО ИШИ ЖҮРҮҮДӨ

 396 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Чаткалда бороон болуп, кар жаап жатат. Кече күндөн бери тынымсыз жааган кардын калыңдыгы 45- 50см жетет. Учурда кар сүрүү, тазалоо жумуштарына техникалар тартылган.

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы маалымдагандай, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка, Айгыр-Жал унаа жолдорунда каттам бар. Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунда көчкү түшүү коркунучу бар.

Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 100-101км түшкөн кар көчкүлөр тазаланып, жол каттамы берилди”,- дейт №27 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Муратбек Жоошев.

Адистер айдоочуларга жана жергиликтүүлөргө зарыл жумуш болбосо жолго чыкпай турууну же болбосо 500м аралыкты сактоо абзел экенин эскертет.

Эртең мененки саат 07.00 дон баштап жолчулар калк кызматында.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17