Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
283 Бардыгы / «Кыргызстандын паспорту мындан ары мурдагыдай эле оңго-солго, анан дагы туш келди кишилерге сатылбайт!» Бул туурасында президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасында ачык билдирди. Садыр Жапаров мурда өлкөбүздүн паспорту чет элдиктерге сатылган учурлар болуп келсе, эми ал документ Кыргызстанда гана чыгарыла баштагандыктан, андайга таптакыр жол берилбей тургандыгын абдан катуу убадалады. – Баарыңыздарга маалым, паспорт, ID […]
284 Бардыгы / «Кыргызстандын паспорту мындан ары мурдагыдай эле оңго-солго, анан дагы туш келди кишилерге сатылбайт!» Бул туурасында президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасында ачык билдирди. Садыр Жапаров мурда өлкөбүздүн паспорту чет элдиктерге сатылган учурлар болуп келсе, эми ал документ Кыргызстанда гана чыгарыла баштагандыктан, андайга таптакыр жол берилбей тургандыгын абдан катуу убадалады. – Баарыңыздарга маалым, паспорт, ID […]
ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ: «ӨЛКӨ ПАСПОРТУ МУРДАГЫДАЙ ОҢГО-СОЛГО, ТУШ КЕЛДИ КИШИЛЕРГЕ САТЫЛБАЙТ!»
24.06.2024 / Автор anarkan_kg

285 Бардыгы /
«Кыргызстандын паспорту мындан ары мурдагыдай эле оңго-солго, анан дагы туш келди кишилерге сатылбайт!» Бул туурасында президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасында ачык билдирди.
Садыр Жапаров мурда өлкөбүздүн паспорту чет элдиктерге сатылган учурлар болуп келсе, эми ал документ Кыргызстанда гана чыгарыла баштагандыктан, андайга таптакыр жол берилбей тургандыгын абдан катуу убадалады.
– Баарыңыздарга маалым, паспорт, ID карт жана башка документтердин баары өзүбүздөн гана чыга баштады. Буга дейре «Чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандын паспорттору сатылат экен» деген имиш кептер үстөккө-босток айтылып келген. Тилекке каршы, мындай кептердин чындык экендиги аныкталган учурлар дагы болбодубу. Балким, бүгүнкү күндө дагы көптөгөн чет өлкөлүктөрдүн колунда Кыргызстандын паспорту менен ID карттары бардыр. Алардын мөөнөтү бүткөнчө алды – 10 жыл, арты – 5 жыл керектелиши мүмкүн. Албетте, мөөнөтү бүткөндөн кийин алардын баары жараксыз болуп калат. Эми мындан ары Кыргызстандын жасалма паспорту, жасалма ID карта деген түшүнүк болбойт. Себеби паспорттор өзүбүздөн чыга баштады. Буюрса, жасалма кылып чыгарууга мүмкүн эмес! Жашыруун корголуучу элементтери абдан көп. Андан тышкары, мурдагыдай оңго-солго, анан дагы туш келди кишилерге сатылбайт!» — деп катуу убадалады президент Садыр Жапаров.
Кыргыз Республикасынын Президенти ошондой эле өлкө жарандары үчүн ID карттарды акысыз алмаштыруу боюнча 2 айлык акция уюштурула тургандыгын дагы кошумчалады.
– Акция 1-июлдан баштап 31-августка чейин жүрөт. «Учкун» мамлекеттик ишканасы менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги 1-июлга даяр болгула! Андан кийин адаттагыдай эле өздүк баасына, тагыраагы 600 сомдон алмашылат. Ошондуктан ID картыңарды бекер алмаштырганга шашылгыла? – деп тызылдады президент Садыр Жапаров.
Ал эми президент Садыр Жапаровдун баамында, азырынча жалпы жарандык паспортторду бекер алмаштырганга каржылык күчүбүз жете элек. Күчүбүз жеткен күнү жалпы жарандык паспортту дагы бекер алмаштыруу боюнча акция сөзсүз өткөрүлөт. Ушундай жол менен гана өзүбүздөн чыгып жаткан паспортторго кыска мөөнөттө толук түрдө өтүп кетишибиз абзел!
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
-
19.07.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ОШ ШААРЫНДА СЕЛ ЖҮРГӨН АЙМАКТАР ЗАЛАЛСЫЗДАНДЫРЫЛУУДА
-
-
03.08.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ОШМУГА ТАПШЫРГАНДАР ЖАҢЫЛЫШПАЙТ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.