Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
22 Бардыгы / Кара-Кулжа району – Кыргызстандагы эң бийик тоолуу жана дагы борбордон өтө алыс жайланышкан аймак. Ошондуктан, ак кар, көк мөңгү баскан өрөөндүн калкын энегетиктер ток менен дагыле үзгүлтүскз камыз этип жатышабы? Мунун чоо-жайын Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа райондук электр тармактары ишкасынын жетекчисинин орун басары Актилек КАРЫБЕКОВдон суражыладык. -Актилек мырза, деги сак-саламатсыздарбы? Жаңы конушуңуздар […]
23 Бардыгы / Кара-Кулжа району – Кыргызстандагы эң бийик тоолуу жана дагы борбордон өтө алыс жайланышкан аймак. Ошондуктан, ак кар, көк мөңгү баскан өрөөндүн калкын энегетиктер ток менен дагыле үзгүлтүскз камыз этип жатышабы? Мунун чоо-жайын Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа райондук электр тармактары ишкасынын жетекчисинин орун басары Актилек КАРЫБЕКОВдон суражыладык. -Актилек мырза, деги сак-саламатсыздарбы? Жаңы конушуңуздар […]
Актилек КАРЫБЕКОВ: “ЧАКАН ГЭСТЕР ТҮЙШҮГҮБҮЗДҮ ЖЕҢИЛДЕТИП ЖАТАТ”
16.12.2024 / Автор anarkan_kg24 Бардыгы /
Кара-Кулжа району – Кыргызстандагы эң бийик тоолуу жана дагы борбордон өтө алыс жайланышкан аймак. Ошондуктан, ак кар, көк мөңгү баскан өрөөндүн калкын энегетиктер ток менен дагыле үзгүлтүскз камыз этип жатышабы? Мунун чоо-жайын Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа райондук электр тармактары ишкасынын жетекчисинин орун басары Актилек КАРЫБЕКОВдон суражыладык.
-Актилек мырза, деги сак-саламатсыздарбы? Жаңы конушуңуздар кут болсун!
-Ыракмат! Өзүңүз абдан жакшы билесиз. Кара-Кулжа райондук электр тармактары ишканасы – республикабыздагы эң эле эски мекеме. Биздин кеңсебиз тээ Союз маалында курулгандыктан, эбак эскирип бүткөн. Дал ушуну бекем эске алып, энергетика министрибиз Таалайбек Ибраев өзү каражат булагын таап, анан дагы курулушту абдан тыкыр көзөмөлдөп, кеңсебиз тикеленип бүткөндө пайдаланууга тапшыруу аземине өзү катышып, тасмабызды кесип, түйшүгү түмөн ишибизге ийгилик гана тилеп кайтпадыбы. Албетте, мындай камкордук Кара-Кулжа Кулжа райондук электр тармактары ишканасынын кызматкерлерин мындан ары да кажыбастан иштегенге, ошондой эле жогорку ийгиликтерди жаратканга ого бетер шыктандырды.
-Сиздердин ишканаңыздар жалпы жонунан канчалаган кардарды тейлеп келатат?
-Биздин ишканабыз Кара-Кулжа району боюнча 15 753 кардарыбызды туруктуу гана тейлеп келатат. А булардын 14 738и – карапайым калк, ал эми 875и – мекеме-ишканалар.
– Булар Сиздерге электр энергиясын пайдалангандыгы үчүн деги канча карыз?
-Узап бараткан жылдын ноябрь айынын акырына карата кардарларыбыз жалпы жонунан биздин ишканабызга 2 миллион 733 миң сом карыз. Мунун 1 миллион 802 миң сому – элдики. Ал эми мекеме-ишканалар бизге 931 миң сом дагыле бересе.
-Баса, санариптештирүү Сиздердин түйшүгүңүздөрдү ого бетер жеңилдеткендир?
-Ананчы! Биздин тармапгыбыздын – системабыздын бүтүндөй санарптештирилиши түмөндөгөн түйшүгүбүздү ыраса жеңилдетти. Маселен, “Мой свет” тиркемеси аркылуу эле кардарларыбыз карыздарын он-лайн которуп, береселеринен опоңой гана кутулуп атышат. Мында. Сиздер күмөн санагандай, коррупциянын түгүл кошуп жазмайдын жана туумдун дегеле жыты дагы жок!
-Актилек мырза, Кара-Кулжа – суулардын, мындайча айтканда өзөндөрдүн Мекени. Андыктан, тоолуу аймакта чакан ГЭСтерди катарынан куруп, энергетика көйгөйүнөн деле биротоло арылбайт белеңиздер?
-Туптуура баамдапсыздар. “Буйга-1” чакан ГЭСин куруп, акыры пайдаланууга тапшырдык. Ушул эле аймакка эми дагы “Буйга-2” ГЭСин тикелөөнү пландаштырып жатабыз. Ал эми болочокто Капчыгай айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Бээ айылында дагы чакан ГЭС тикеленет. Дал ушунун өзү районубуздун энергетикалык көз карандылыктан биротоло кутулуусуна гана сөзсүз көмөктөшөт.
МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ
Маектешибиз – Кара-Кулжа райондук электр тармактары ишкасынын жетекчисинин орун басары Актилек КАРЫБЕКОВ эки жогорку билимдин ээси. Биринчиси – ОшМУнун юридика факультетин бүтүргөн. Экинчиси – ОшТУнун энергетика факультетин аяктаган.
Жаш жетекчинин тынымсыз аракетинин аркасында гана Кара-Кулжа райондук электр тармактары ишкасына 316 миллион сомдук техникалар: трактор, эксковатор, автожүктөчгүч – маипулятор алып келинип, баары тең ушул тапта кызуу жумушка чегерилди.




Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
28.04.2025 / Автор anarkan_kg КЫТАЙ МЕНЕН ЧЕКТЕШКЕН ЧЕК АРАДА ӨТКӨРҮҮ БЕКЕТТЕРИ УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛАТ
-
12.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна БАЗАР-КОРГОН ШААРЫНЫН МЭРИ БАЛА БАКЧАЛАРДЫ ТЕКШЕРДИ
-
28.05.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ ЧЕК АРАНЫ КОРГООДО КУРМАН БОЛГОН ЖООКЕРЛЕРДИН ЭСТЕЛИГИН АЧТЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.