Аймак

ТИЛЕК ТЕКЕБАЕВ ТОКТОГУЛ ШААРЫНДАГЫ СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТИЛЕРДИН КУРУЛУШУ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

ТИЛЕК ТЕКЕБАЕВ ТОКТОГУЛ ШААРЫНДАГЫ СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТИЛЕРДИН КУРУЛУШУ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

 3 Бардыгы /

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Токтогул районунун Токтогул шаарында курулуш иштери жүргүзүлүп жаткан социалдык объектилер менен таанышты.

Анда шаардын Ж.Бөкөнбаев көчөсүндө курулушу жүрүп жаткан спорттук комплекске барды. Аталган объекттин жалпы сметалык баасы 25 млн 588 миң сомду түзүп, жергиликтүү бюджет жана “Токтогул районунун Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция” мамлекеттик мекемеси тарабынан каржыланууда. Азыркы учурда курулуштун 75 пайызы аяктап калган.

Облус башчысы Токтогул шаарындагы борбордук стадионду реконструкциялоо жумуштарын көрдү. Стадион 1979-жылы ишке берилип, бүгүнкү күнгө чейин бир да жолу оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес. Азыркы учурда спорттук объект республикалык бюджет, Кыргыз футбол биримдиги жана “Найман” ЖЧКты тарабынан 232 млн. сомго оңдолууда.

Кыдыруунун жүрүшүндө ыйгарым укуктуу өкүл Токтогул шаарынын Арал айылындагы №11 Т.Тешебаев атындагы орто мектебинин 225 орундуу жаңы имаратынын курулуш жумуштары менен таанышты.

Тилек Текебаев социалдык объектилерде курулуш эрежелерин толук сактоо, өз мөөнөтүндө аяктоо зарылдыгын эскертти. Ага катар жумушту сапаттуу аткаруу менен маалым болгон кемчиликтерди белгилеп, аткаруу мөөнөттөрүн койду.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17