Аймак

ОШТО ЖОЛ УРАП, А ТҮГҮЛ КАТТАМ ҮЗГҮЛТҮККӨ УЧУРАДЫ

ОШТО ЖОЛ УРАП, А ТҮГҮЛ КАТТАМ ҮЗГҮЛТҮККӨ УЧУРАДЫ

 3 Бардыгы /

Ош облусуна караштуу Ош-Папан автоунаа жолу толук бойдон жабылды.  Бул туурасында Ош облустук жол кыймылынын кооопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 20-апрелинде эртен мененки саат 8.00 чамасында Ош-Папан автоунаа жолунун 25-чакырымындакөз ачырбай жааган жаандын кесепетинен автоунаа жолу жарылып, а түгүл чөгүп дагы кеткен. Ошондуктан, ушул тапта аталган жол каттамы убактылуу жабылды. Кара-Суу районунун Папан, Кожокелең жана Лаглан айылдарынын тургундары эми Ноокат району аркылуу гана айланып каттап жатышат.

Анткени, 20-апрель күнү 21-Жол тейлөө ишканасы (ДЭП) тейлеген Папан-Кожокелең автоунаа жолунун 11,8-чакырымы көз ачырбай жааган жамгырдын кесепетинен дээрлик 70 метр чөгүп дагы кеткен. Ошол себептүү каттам толук бойдон үзгүлтүккө  учурады. Трассаны кайрадан калыбына келтирүү максатында 21-ДЭПтин атайын техникалары эми гана ишке кызуу киришти.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17