Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулактандыруу
Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт
НООКЕН РАЙОНДУК ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНУН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Сынак Сайдыкум айыл өкмөтү
Судебный департамент объявляет конкурс
КУЛАКТАНДЫРУУ (Мугалимдер керек)
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
СООДА-САТЫК
Таш-Булак айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

КЫРГЫЗ-КАЗАК МАМЛЕКЕТТИК ЧЕК АРА АЙМАГЫНДАГЫ ӨТКӨРҮҮ ЖАЙЛАРЫНЫН ИШТӨӨ ТАРТИБИ ӨЗГӨРДҮ

КЫРГЫЗ-КАЗАК МАМЛЕКЕТТИК ЧЕК АРА АЙМАГЫНДАГЫ ӨТКӨРҮҮ ЖАЙЛАРЫНЫН ИШТӨӨ ТАРТИБИ ӨЗГӨРДҮ

 153 Бардыгы /

БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларынын иштөө тартиби өзгөргөндүгүн маалымдайт.

Үстүбүздөгү жылдын 10-январы саат 11.30 карата Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайлары төмөндөгүдөй тартипте иш алып барышууда:

1. “Ак-Тилек-авто жол” (КР) – “Карасу-авто жол” (РК) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:

– Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандарга Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;

       – Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандар“Ак-Тилек-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;

       – Кыргызстандынаймагында жүргөнКазакстандын жарандары “Ак-Тилек-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат;

       – Оор жүк ташуучу транспорт каражаттары COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен “Ак-Тилек-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу эч кандай тоскоолдуксуз кирип чыга алышат.

2. “Чалдыбар-авто жол” (КР) – “Сыпатай Баатыр-авто жол” (РК) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:

 – Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;

       – Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандар “Чалдыбар-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;

       – Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары “Чалдыбар-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат;

       – Оор жүк ташуучу транспорт каражаттары COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен “Чалдыбар-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу эч кандай тоскоолдуксуз кирип чыга алышат.

       3. “Ак-Жол-авто жол” (КР) – “Кордай-авто жол” (РК) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:

 – Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;

       – Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандар “Ак-Жол-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;

       – Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары “Ак-Жол -авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат.

       4. Талас облусундагы “Чоң-Капка-авто жол” (КР) – “Айша Биби-авто жол” (РК) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:

       – Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;

       – Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандар “Чоң-Капка-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;

       – Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары “Чоң-Капка-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат;

    – Казакстандын аймагы аркылуу транзиттик каттаган оор жүк ташуучу транспорт каражаттары COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен “Чоң-Капка-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кирип чыга алышат.

       5. “Каркыра-авто жол” (КР) – “Кеген-авто жол” (РК) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:

       – Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;

       – Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары гана  “Каркыра -авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат.

2022-жылдын 10-январы саат 11.30 карата кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган жок.

       Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы бардык өткөрүүчү жайларда COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алууну дагы бир ирет эскертет.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17