Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
СООДА-САТЫК
Таш-Булак айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кеңеш айыл аймагынын өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Бешик-Жон айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүнүн СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Жалал-Абад шаарынын мэриясы СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Сакалды айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Момбеков айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сайдыкум айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Жаңы-Жол айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КАНТ ШААРЫНЫН АЙРЫМ РАЙОНДОРУНДА ЖАРАТЫЛЫШ ГАЗЫ ӨЧҮРҮЛӨТ
КРдин ӨКМ алдындагы “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облустук СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Жалал-Абад шаардык мэриясы СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КООМДУК КАБЫЛДАМА

Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

 54 Бардыгы /

  1. Айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси экономист-статист 1 (бир) бош орун.
  2. Адис-маалымат компьютердик технологиялар боюнча 1 (бир) бош орун.
  3. Аскердик-эсепке алуу столунун инспектору 1 (бир) бош орун.

Квалификациялык талаптар:

Кесиптик билим деңгээли:

-Жогорку билим же орто кесиптик билим– мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык экономикалык, гуманитардык, ветеринардык, техникалык, айыл чарба.

Стажы жана иш тажрыйбасы: -иш стажына талап коюлбайт.

Кесиптик компетенттүүлүгү: –төмөндөгүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

-Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”; “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө; “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;

-Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодекси”.

Экономист-статист үчүн

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын: 

-Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик статистика жөнүндө”; “Мамлекеттик тил жөнүндө”;

-Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди.

 Маалымат компьютердик технологиялар боюнча адис үчүн

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын

-Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” №517 токтому;

-Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757   токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди.

 Аскердик-эсепке алуу столунун инспектору үчүн

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативалык кызматтар жөнүндө”;  Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;

-Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди.

Билгичтиги:

-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу; жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; мамлекеттик жана же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; командада иштөө.

Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техниканы зарыл болгон программалык продуктыларды колдоно билүү.

Сынакка катышууга керектүү документтердин тизмеси:

-бош кызмат ордун көрсөтүү менен жеке арыз конкурстук комиссиянын төрагасына (контактык телефон номери менен).

-кадрларды эсепке алуу боюнча баракча сүрөтү менен;

-таржымал (резюме), сунуш каттары, өмүр баян (соттолгон же соттолбогондугу  тууралу маалыматты көрсөтүү менен);

-билими жөнүндө, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө дипломдун, эмгек китепчесинин, паспорттун, аскердик билетинин көчүрмөсү (эмгек китепчеси жана дипломдордун көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги кызматчыларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

Документтер сынак өткөрүү жөнүндө маалымат жайгаштырылган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде, бирок анда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирилбестен кабыл алынат. Документтерди кабыл алуучу жайдын орду жана кабыл алуу убактысы: Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн имараты, экинчи кабат, жооптуу катчынын иш бөлмөсү.

Байланыш телефондору: 0(778)-44-64-26.

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн конкурстук комиссиясы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17