Аймак

Сабактын темасы: Ж.БАЛАСАГЫНДЫН «КУТ АЛЧУ БИЛИМ» ПОЭМАСЫНЫН ИДЕЯСЫ, МАЗМУНУ

 8,811 Бардыгы /

Сабактын темасы: Ж.БАЛАСАГЫНДЫН «КУТ АЛЧУ БИЛИМ» ПОЭМАСЫНЫН ИДЕЯСЫ,  МАЗМУНУ

Мазмундук тилке: Көркөм форма ( сюжет, композиция, жанрлар)

Негизги компетенттүүлүктөр:  

Маалыматтык:“Кут алчу билим” поэмасынын идеясы, мазмуну менен таанышат.

Социал- коммуникативдик: Поэмадагы темасы, идеялык багыты  жөнүндө талкуулашып, пикир алмашат.

Өз ишин уюштуруу жана көйгөйлөрдү  чечүү: Чыгарманын жазылыш максаты, андагы төрт негиз, сюжеттик  өзөк окуялардын                   берилишиндеги өзгөчөлүктөрүн табышат.

  Предметтик компетенттүүлүктөр :

Окурмандык :  Чыгармадагы каармандардын образдарындагы символикалык   түшүнүктөрүн айырмалайт

Баалуулук-маанилик : Ар кайсы жанрдагы чыгармалардын сюжетин салыштырат.

Адабий чыгармачылык: Поэманын идеясына  карата жеке мамилесин билдирет.

Сабактын максаты: “Кут алчу билим”  поэмасынын идеясы жана мазмуну менен таанышат.

 

 

Сабактын милдеттери: Көрсөткүчтөр:
Когнитивдик

“Кут алчу “ поэмасынын идеясы, мазмуну жөнүндө билимдерин бекемдешет.

Сюжеттин элементтерин, композицияны , тилдин көркөм –сүрөттөө каражаттарын жана алардын чыгарманын  көркөм идеялык мазмунун ачып берүүнүн ролун аныктаса.
       Журум-турумдук

Окуучулардын логикалык ой –жүгүртүүлөрүн жана чыгармачылык жактан өнүгүүсүнө көмөктөшүү.

Чыгармадагы идея менен башка чыгармалардагы жана турмуштагы  өкүмдарлардын ордун салыштырса.

 

          Баалуулук.

Коммуникативдик көндүмдөргө тарбиялоо:

Топто, жекече иштөөдө жүрүм-турум  маданиятын калыптандыруу.

Чыгарманын аталышын образдык жалпылоо иретинде чечмелейт, макул же макул эместигин билдирсе жана жалпы адамзаттык маанисин ачып берсе.

 

Күтүлүүчү  натыйжа: 8.1.2.2. Көркөм форма жана мазмундун биримдиги аркылуу жанрды эске алуу  менен чыгарманы талдайт.

Сабакты өтүү усулдары: Интерактивдүү, репродуктивдүү, өзүн-өзү уюштуруу.

Сабактын тиби: Жаңы билимди бышыктоо.

Баалоонун усулдары: Диагностикалык, калыптандыруучу, жыйынтыктоочу.

Ресурстар:  8-класстын окуу китеби.  Автору  А.Турдугулов, Б.Оторбаев. Стандарт. Интерактивдүү тактай , проектор ,буклет 8-класстын окуу китеби.  Автору  А.Турдугулов, Б.Оторбаев. Стандарт. Интерактивдүү тактай ,проэктр ,буклет

Сабактын баяндалышы.

Сабактын баскычтары .

 Окуу ишмердүүлүгүнө мотивация:

Мугалимдин иш аракети:

Окуу чөйрөсүн түзөт: Саламдашуу . Катышууну тактоо.

Жагымдуу маанай түзүү  (мугалим айтат). Бири-бирибизди карап, сүйлөбөй, жаңсоо , же белги берүү иретинде жагымдуу маанай тартуулайбыз.

Эми окуучулар доскага чыгып өзүбүз жактырган түстөрдү тапдап алабыз. Тандалган түстөр боюнча топторго бөлүнгүлө.

Окуучунун иш-аракети.

Саламдашат,  окуу куралдарын алышат;

Ордуларынан туруп,мугалимдин айтканындай жаңсоо иретинде белгилерди көрсөтүшөт, окуучулар бири-биринин эмне деп жатканын чечмелешет.

    1-топ:  кызыл. 

     2-топ: сары.

     3-топ: жашыл

 

Теманын күтүлүүчү натыйжаларын кабарлоо:

Окуучулар, бүгүнкү сабакта силер поэманын идеясы, мазмунун таап, бири-бириңерге түшүндүрүп бере алсаңар сабактын максатына жетесинер.

Жаңы теманын максатын аныктоо, билимди актуалдаштыруу :

Мугалим жаңы теманын максаты менен тааныштырат.

Мугалим дин иш-аракети.

Доскага илинген аттарга көңүл бургула.

Автор эмне үчүн ушундай ат берген?

Мугалим досканын бир жагына: Күнтууду, Айтолду, Акдилмиш, Өткүрмүш, Экинчи жакка: бакубат дөөлөт,  өкүмдар, адилеттүүлүк, акыл, каниет кылуу деген сөздөрдү илип коет. Демек поэманын идеясын  ушул төрт негиз түзүп жүрбөсүн? Кана ойлонуп көргүлөчү? Мугалим : Доскага илинген аттарга көңүл бургула.

Автор эмне үчүн ушундай ат берген?

Окуучунун иш-аракети.

Окуучулар доскадагы сөздөргө түшүндүрмө беришип, өз ойлорун ортого салышат. Поэманын  идеясын тапканга аракет кылышат. Окуучулар доскадагы сөздөргө түшүндүрмө беришип, өз ойлорун ортого салышат. Поэманын  идеясын тапканга аракет кылышат.

Баалоо:  «Эки бөлүктүү күндөлүк» стратегиясы. Өзүн-өзү баалоо.

Жаңы билимди өздөштүрүү.

Мугалимдин иш-аракети:

Бүгүн  сабагыбызда поэманын мазмуну жана идеясы менен таанышабыз.

Балдар поэманы окуп чыгышат.

Эми балдар  1-топ:     Поэманын өзөк окуяларын жазып чыккыла.

2-топ : Поэманын идеясын ачып бергиле. түшүнүк бергиле.

3-топ: Күнтууду ,Айтолдуга ,Акдилмиш менен Өткүрмүшкө мүнөздөмө бергиле.

Окуучунун иш-аракети:

Окуучулар  топтордо бири-бири менен пикир алышып , чыгарманын идеясы жана  каармандардын образдарын ачып беришет.

Баалоо: Чакан топтордо иштөө. Топ менен баалоо

Бышыктоо:

Мугалимдин иш-аракети.

Окуучулар тепкичтерди басып чыгуу аркылуу Күнтуудуга жетүүгө аракет кылышат.

1-топ:  Элдин жыргалчылыгы, Мекенине ак кызмат өтөө дегенге кандай түшүнөсүңөр? Чакан эссе жазгыла

2-топ: Окуянын айлампасын түзгүлө.

3-Топ: «Окуянын картасын» түзгүлө.

Окуучунун иш-аракети:

Ар бир окуучу бирден суроого жооп берип ,тепкичтен бийиктикке чыгып барат.

1-топ: Эссе жазышат.

2-топ: «Окуянын айлампасын» түзүшөт.

3-Топ: «Окуянын картасын» түзүшөт. Ар бир окуучу бирден суроого жооп берип ,тепкичтен бийиктикке чыгып барат.

/йгө  тапшырма:

/йдөн суроолор жана тапшырмаларга жооп таап, поэмадан үзүндү жаттап келгиле/йдөн суроолор жана тапшырмаларга жооп таап, поэмадан үзүндү жаттап келгиле.

Баалоо:

Мугалимдин иш-аракети:

Топтук  жана жекече бааланат.

 Топтордун жетекчилеринин топтогон упайларын саноону суралат.

Окуучунун иш-аракети:

Ар бир топтун жетекчиси топтолгон упайларды айтат жана ар бир топ катышуучусу өзү топтогон упайлары боюнча бааланат.

Мугалимдин иш-аракети:

 Силерге сабак жактыбы?  Кайсы маалыматтар кызыктуу болджу? Кийинки сабакта эмнелерди билгиңер келет? Окуучуларды комментарийлеп баалаймын.

Окуучунун иш-аракети:

Окуучулар “Чыгуу баракчаксы” толтуруп чыгышат. Ага суроолорун жазышат.              

 

 

Зуура МААТОВА, №3 Н.Орозалиев атындагы инновациялык орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалим, Ала-Бука району  

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17