Аймак

БИШКЕК ШААРДЫК СОТУ БУРУЛАЙДЫН ӨЛҮМҮ БОЮНЧА РАЙОНДУК СОТТУН ЧЕЧИМИН КҮЧҮНДӨ КАЛТЫРДЫ

БИШКЕК ШААРДЫК СОТУ БУРУЛАЙДЫН ӨЛҮМҮ БОЮНЧА РАЙОНДУК СОТТУН ЧЕЧИМИН КҮЧҮНДӨ КАЛТЫРДЫ

 1,767 Бардыгы /

27-февралда Бишкек шаардык соту Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча Свердлов райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу жабырлануучу тараптын адвокаты Есения Рамазанова билдирди.

Былтыр декабрда райондук сот негизги айыпталуучу Марс Бөдөшевди Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө күнөөлүү деп таап, 20 жылга күчөтүлгөн режимде камакка алуу өкүмүн чыгарган. Анын досу Акмат Сейитов «Ала качуу» беренеси менен жети жылга эркинен ажыратылган.

20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызы былтыр 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.

Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгында 4-июнда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Нурлан Сарчаев, анын эки орун басары Марлис Асанов менен Канат Жумаев, Жайыл райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Муратбек Исмаилов кызматтан алынган. ИИМ жалпысынан бул ишке байланыштуу 23 кызматкер жазаланып, алардын 13ү жумуштан алынганын билдирген.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17