Аймак

БАТКЕНДЕ ЧЕКАРАЧЫЛАР МИЛЛИОН СОМДУК АТКЕЗЧИЛИК ЖҮГҮН КАРМАШТЫ

БАТКЕНДЕ ЧЕКАРАЧЫЛАР МИЛЛИОН СОМДУК АТКЕЗЧИЛИК ЖҮГҮН КАРМАШТЫ

 978 Бардыгы /

БАТКЕН. Кыргыз-Өзбек Мамлекеттик чекарасындагы зымторду катарынан кыркып, мыйзамсыз жана аткезчилик жол менен жан багып жүрүшкөн жарандар акыры колго түшүрүлдү. Бул жөнүндө Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Дамира Юсупова кабарлады.

 Бул операцияны Кадамжай райондук Ички иштер бөлүмүнүн, Жол кыймылы коопсуздугу кызматынын Ички иштер министрлигине караштуу өзгөчө даярдыктагы «Шумкар»атайын багыттагы полкунун кызматкерлери ийгиликтүү жүзөгө ашырышты, – деп кошумчалады Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Дамира Юсупова.

Ошентип, эки мамлекеттин жарандары түн ичинде 50 даанасын алгыны, жалпы басы миллион сомго жакын үйшартында керектелүүчү буюм-теримдерди мыйзамсызөткөрүп жаткандыгы жеринде аныкталып, баары тең кармалышты. Бул факты Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, мындан ары дыкаат текшерүү үчүн Экономикалык кылмыштуулука каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Баткен облусундагы башкармалыгына өткөлүлүп берилди.

                   Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17