Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД: ЭНЕЛЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

ЖАЛАЛ-АБАД: ЭНЕЛЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

 2,831 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн 17-май Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленчү  Энелер күнү майрамдалды.

Иш-чаранын жылдагыдан өзгөчөлүгү катары баатыр энелер лимузин автоунаасында алынып келингендиги болду. Аталган майрамга Жогорку Кеңештин депутаты  Айнура Осмонова, Мураталы Тагаев баштаган шаар бийлигинин өкүлдөрү, мугалимдер, шаар тургундары катышышты.

Жогорку Кеңештин депутаты А.Осмонова Жалал-Абаддын айымдары коомдо абдан активдүү болорун, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн эбегейсиз салымдарын кошуп келишерин белгилеп, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өркүндөтүүгө, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы ошондой эле жигердүү коомдук ишмердиги үчүн Бактыгүл Алдосова, Маликахан Мустапакулова, Бактыкан Берикбаеваларды КРдин Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлады.

Иш-чаранын катышуучулары энелерге көңүл бөлүп, атайын концерттик программа тартууланганына ыраазы.

“Бүгүнкү күндө кыргыз аялдарынын коомдо эбегейсиз орду бар. Бала тарбиялоодо да коомдук иштерде да аябай активдүү келишет. Бүгүнкү иш-чара жакшы өттү. Ушундай жергиликтүү бийликтин энелерге аз да болсо көңүл буруп, концерттик программа тартуулаганы кубандырат. Биз энелер баарыбыз кубанып, ыраазы болуу менен үйлөрүбүзгө кайтуудабыз” –дейт Турдайым Орозова, шаар тургуну.

Кошумчалай кетсек, учурда Жалал-Абад шаарында 27 эне  “Эне” данкын алышса, 204 аял “Баатыр эне” наамына ээ.

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17