Аймак

КЫРГЫЗ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ «БОРБОР АЗИЯ+ЖАПОНИЯ» ДИАЛОГУНА КАТЫШТЫ

КЫРГЫЗ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ «БОРБОР АЗИЯ+ЖАПОНИЯ» ДИАЛОГУНА КАТЫШТЫ

 1,162 Бардыгы /

            ДУШАНБЕ. Душанбе шаарында Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жетектеген Кыргыз делегациясы Тышкы иштер министрлеринин Диалогунун «Борбор Азия+Жапония» 7-кеңешмесине катышты.

            Кеңешменинин жүрүшүндө Аймактык алаканын абдан маанилүү өңүттөрү, туризм, соода-сатык жана инвестиция тартуу, ошондой эле аймактык коопсуздукачык-айкын талкууланды.Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кыргыз Республикасынын жогорудагы тармактар боюнча бардык мамлекеттер менен кызматташууга даяр экендигин токтолуп, алгачкы аракеттер азыр башталгандыгын ачыктады. Соңунда Бишгелешкен Кайрылууларга кол коюлуп, туризм, автоунаа, логистика жана айыл чарбасы жаатындагы Пландар талкууланып, анан гана бекитилди.

            Эмки төрагалык Жапонияга өткөрүлүп берилди. Душанбе шаарындагы Тышкы иштер министрлеринин Диалогунун «Борбор Азия+Жапония» 7-кеңешмесине Ооганстан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министри С.Раббани ардактуу конок катары катышты.

 

                        Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17