Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
694 Бардыгы / ДУБАЙ. Араб Эмиратынын колдоосу аркасында Кыргыз Республикасынын Дубай шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан уюштурулган Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги К. Жумагазиев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын начальниги А.Бийбосунов курамындагы Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин атайын делегациясы Дубай эмиратынын (БАЭ) полициясынын Штаб-квартирасында болушту. Иш-сапардын алкагында Дубайдын полиция башчысы, генерал-майор Абдулла Халифа Аль-Марри, полиция бөлүмдөрүнүн жетекчилери, мунун […]
695 Бардыгы / ДУБАЙ. Араб Эмиратынын колдоосу аркасында Кыргыз Республикасынын Дубай шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан уюштурулган Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги К. Жумагазиев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын начальниги А.Бийбосунов курамындагы Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин атайын делегациясы Дубай эмиратынын (БАЭ) полициясынын Штаб-квартирасында болушту. Иш-сапардын алкагында Дубайдын полиция башчысы, генерал-майор Абдулла Халифа Аль-Марри, полиция бөлүмдөрүнүн жетекчилери, мунун […]
КЫРГЫЗ ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ ДУБАЙ ЭМИРАТЫНЫН (БАЭ) ПОЛИЦИЯСЫНЫН ШТАБ-КВАРТИРАСЫНА САПАРЛАДЫ
17.07.2019 / Автор anarkan_kg696 Бардыгы /
ДУБАЙ. Араб Эмиратынын колдоосу аркасында Кыргыз Республикасынын Дубай шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан уюштурулган Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги К. Жумагазиев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын начальниги А.Бийбосунов курамындагы Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин атайын делегациясы Дубай эмиратынын (БАЭ) полициясынын Штаб-квартирасында болушту.
Иш-сапардын алкагында Дубайдын полиция башчысы, генерал-майор Абдулла Халифа Аль-Марри, полиция бөлүмдөрүнүн жетекчилери, мунун ичинде Дубайдын Полиция Академиясынын жетекчиси менен жолугушуулар жүрдү. Анын учурунда санариптик технологиялар, түз байланыштарды орнотуу жана ыкчам маалымат менен алмашуу, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенүү боюнча жааттарда кызматташуу чөйрөлөрүн козгогон маселелердин кеңири спектри талкууланды.
Бул сапардын жүрүшүндө жетишилген негизги макулдашуулардын бири өлкөнү санариптештирүү жылында жарыяланган, жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоо максатында техникалык жардам жана программалык камсыздоо берүү менен Бишкек шаарында акылдуу полиция участогун (Smart Police Station долбоору) түзүүгө Дубайдын полициясынын колдоосу жана макулдугу болду. «Акылдуу полиция участогу» долбоору биринчи жолу 2017-жылы Дубайда иштелип чыккан жана ишке киргизилген, ошондой эле заманбап IT технологиялардын жана программалык камсыздоонун жардамы аркасында калкты тейлөө жана кызмат көрсөтүнү жогорулатууга жана көзөмөлдөөгө багытталган санариптик кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири комплекси болуп саналат.
Жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн Дубайдын полициясынын Штаб-квартирасынын жетекчилиги биргелешкен жумушчу тобун түзүүгө, мунун ичинде криминология, жол коопсуздугу жаатында жана IT чөйрөсүндө квалификацияны жогорулатуу курсун өтүү үчүн Кыргыз Ички иштер министрлигинин кызматкерлерин жана адистерин чакыруу менен түүзүүгө даярдыгын билдирди. Ошондой эле Кыргыз Ички иштер министрлигинин курсанттары үчүн Дубайдын Полиция Академиясында акысыз окуу укугу менен атайын квота берүү жөнүндө маселенин Дубайдын полициясынын жетекчилиги тарабынан оң жагынан каралгандыгын белгилеп кетүү дагы маанилүү.
Ошентип, жетишилген макулдашууларды бекитүү жана эки тараптуу кызматташуунун дараметин өстүрүү максатында Кыргыз Ички иштер министрлиги менен Дубайдын Полициясынын ортосундагы кызматташуу жана коопсуздук жөнүндө атайын Меморандумга кол коюлду.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg АТАТҮРК ПАРКЫНАН ЖЕР АЛГАН ЖАРАНДАРДЫН БИР ТОБУ ПРЕЗИДЕНТКЕ КАЙРЫЛДЫ
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg АДАХАН МАДУМАРОВ УКМКНЫН ТЕРГӨӨ АБАГЫНАН ЧЫКТЫ
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ КИТЕПТИН БЕТ АЧАРЫ БОЛДУ
-
-
-
30.05.2023 / Автор anarkan_kg ӨЗБЕКСТАН КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫНДАГЫ ДУБАЛДЫ БУЗДУ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.