Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
2,264 Бардыгы / Табияты абдан эле катаал Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл Өкмөтү Кыргыз Өкмөтү уюштурган республикалык мелддеште алдыңкы орунду багындырып, бир миллион сом утту. Премьер-министир Мухаммедкалый Абылгазиевдин өз колунан алган сыйлыкты кайсыл максатка жумшашаарын аталган айыл Өкмөттүн башчысы Кантөрө ЖАНТӨРӨЕВден кенен-чонон сураштырдык. -Кантөрө мырза, адегенде Өкмөттүк сыйлыгыңыздар кут болсун! Мындан аркы ишиңиздерди дагы дайыма ийгиликтер гана […]
2,265 Бардыгы / Табияты абдан эле катаал Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл Өкмөтү Кыргыз Өкмөтү уюштурган республикалык мелддеште алдыңкы орунду багындырып, бир миллион сом утту. Премьер-министир Мухаммедкалый Абылгазиевдин өз колунан алган сыйлыкты кайсыл максатка жумшашаарын аталган айыл Өкмөттүн башчысы Кантөрө ЖАНТӨРӨЕВден кенен-чонон сураштырдык. -Кантөрө мырза, адегенде Өкмөттүк сыйлыгыңыздар кут болсун! Мындан аркы ишиңиздерди дагы дайыма ийгиликтер гана […]
КАНТӨРӨ ЖАНТӨРӨЕВ: «ӨКМӨТТҮН МИЛЛИОН СОМ СЫЙЛЫГЫН БАЛА БАКЧАНЫН КУРУЛУШУНА ГАНА САРПТАЙБЫЗ»
07.08.2019 / Автор anarkan_kg2,266 Бардыгы /
Табияты абдан эле катаал Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл Өкмөтү Кыргыз Өкмөтү уюштурган республикалык мелддеште алдыңкы орунду багындырып, бир миллион сом утту. Премьер-министир Мухаммедкалый Абылгазиевдин өз колунан алган сыйлыкты кайсыл максатка жумшашаарын аталган айыл Өкмөттүн башчысы Кантөрө ЖАНТӨРӨЕВден кенен-чонон сураштырдык.
-Кантөрө мырза, адегенде Өкмөттүк сыйлыгыңыздар кут болсун! Мындан аркы ишиңиздерди дагы дайыма ийгиликтер гана жылоолосун!
-Чоооң ыракмат! Сиздерге дагы мындан ары чыгармачыл жетишкендиктерди гана каалаймын!
-Айып этпесеңиз, айтыңызчы, мынча акчаны кандай максатка пайдаланмакчысыздар?
-Айтмакчы, Кыргыз Өкмөтү ыроологон бул бир миллион сом тээ сентябрда гана колубузга араң тийет. Баардыгын тең Баш-Булак айылында курулуп жаткан заманбап бала бакчанын курулушуна гана сарптайбыз.
– Катта-Талдык – Кара-Суу районундагы эле эмес Ош облусундагы дагы эң чоң жана табигый шарты өтө катаал айыл Өкмөтү. Элеттиктер негизинен эмне менен алектенишет? Өзү Сиздердин киреше булагыңыздар каяктан?
-Калкыбыз негизинен дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен алектенет. Андыктан, эмитен жетиштүү тоют камдоо менен алекпиз. Быйыл арпа жана буудайдын түшүмү жакшы. Буюрса, кыщка беймарал жетет.
Баса, Катта-Талдык айыл Өкмөтүндө 22 миң кой, 4100 бодо мал, 1500 жылкы багылат. Булардын санын бара-бара көбөйтүү аракетибиз абдан күч! Ошентип, дыйканчылыктан жана мал чарбачылыгынан эле түшкөн кирешелерибиз элибиздин жеткиликтүү жашоосуна дагыле мыкты өбөлгө түзүп олтурат.
– Ошентсе дагы, жаштарды жумушка чегерүү, ошондой эле жаңы иш орундарын түзүү аракетиңиздер дегеле байкалбайт го?
– Кантип? Алгачкылардын болуп Катта-Талдыкта калкты тейлөө үйүн ишке киргиздик. Азырынча он эки кыз-келин бул ишканада үзгүлтүксүз эмгектенип жатышат. Килейген таштарды өндүрүүчү эки чакан цех дагы элдин такай кызматында. Анде деле кур дегенде жүздөгөн жаштар мээнеттенишип, туруктуу маяна менен камсыз этилди.
Катта-Талдык айыл Өкмөтүнө караштуу сегиз кыштактын эли тең чукул арада таза суу менен толук бойдон камсыз этилди. Мында дагы тынымсыз иштегендерди куру койгон жокпуз. Айыл шартына жараша эмгек акыларын төлөдүк.
– Тээ дүркүрөгөн Союз маалында Катта-Таддык асыл тукум мал заводу малдарды аргындаштыруу жана асылдандыруу менен гана алектенчү эмес беле. Биздин баамыбызда, бул даңктуу чарбанын ушул тапта аты түгүл заты деле калбаптыр го?
– Катта-Талдык асыл тукум мал заводунда дагыле 3000 баш меринос кою багылып жатат. Тилекке каршы, булардын эт өндүрүмдүүлүгү начар болгондуктан, а түгүл жүнүнө дагы кардар жок! Ошол себептүү ушул тапта башка өңүткө ыктайлы деп мына ошонун камын жеп жатабыз.
– Кантөрө мырза, жаңылышпасам, тээ Союз мезгилинде азыркы Президентибиз Сооронбай Жээнбеков менен К. П. Скрябин атындагы айыл чарба институтунда (азыркы Агрардык Академияда) чогуу окугансыз. Бул кишинин кайсыл сапатын дагыле жогору баалайсыз?
– Президентибиз Сооронбай Шарипович менен Тээ Союз кезинде Бишкектеги К. П. Скрябин атындагы айыл чарба институтунда (азыркы Агрардык Академияда) ар кайсыл факультетте окуганбыз. Бул кишиде студент кезинде эле тайманбастык, чечкиндүүлүк жана жолбашчылык касиеттери бар эле.
Кийин тагдыр буйруп Сооронбай Шарипович 2010-2015-жылдарда Ош облусун жетектеп турганда дагы ийиндеше иштешип калдым. Дегеле бой көтөрүп, дымак күтүп, анан бир дагы жолу өзгөргөн жок! Азыр Президент кезинде деле кудум ошол калыбынан жазбастан эле жүрөт.
Менимче, дал азыркы калыбынан жазбаса, өлкөбүздү өргө тартып, Кыргызстанда темирдей тартип орнотот деген терең ишеничтемин!
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТОГУ ООРУКАНАДА КҮН САЙЫН 300 ЧАКТЫ АНАЛИЗ ЖАСАЛАТ
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН КАРАМАГЫНА ӨТКӨРҮЛГӨН АЙЫЛДАРДА “ТЕЗ ЖАРДАМ” БЕКЕР АЧЫЛАТ
-
-
21.11.2023 / Автор anarkan_kg ОШТО МУНИЦИПАЛДЫК АСФАЛЬТ ЗАВОДУН КУРУУ ПЛАНДАШТЫРЫЛУУДА
-
-
11.12.2023 / Автор anarkan_kg ОШМУ ЭМИ КЫТАЙДЫН СЯМЭНЬ УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН ТЫГЫЗ КЫЗМАТТАШАТ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.