Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,990 Бардыгы / Өзгөн райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүндө мурдагыдай узун кезек таптакыр жок. Өтө зарыкканда алыскы айыл-кыштактардан бери агылып келишкендер жарандарды тейлөөнүн ыкчамдыгына жана сапатына абдан эле ыраазы. Матлюба МАМАЖАНОВА, Өзгөн райондук Аялдар Кеңешинин төрайымы, Баатыр Эне: – Башыбыздан далай өтпөдүбү, эй! Жашырып не. Паспорт үстөлү Ички иштер министрлигине карап турганда, жемкорлук балакети аябай […]
1,991 Бардыгы / Өзгөн райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүндө мурдагыдай узун кезек таптакыр жок. Өтө зарыкканда алыскы айыл-кыштактардан бери агылып келишкендер жарандарды тейлөөнүн ыкчамдыгына жана сапатына абдан эле ыраазы. Матлюба МАМАЖАНОВА, Өзгөн райондук Аялдар Кеңешинин төрайымы, Баатыр Эне: – Башыбыздан далай өтпөдүбү, эй! Жашырып не. Паспорт үстөлү Ички иштер министрлигине карап турганда, жемкорлук балакети аябай […]
ПАСПОРТ АЛУУ ТҮЙШҮГҮ ЖЕҢИЛДЕДИ
01.10.2019 / Автор aymak1,992 Бардыгы /
Өзгөн райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүндө мурдагыдай узун кезек таптакыр жок. Өтө зарыкканда алыскы айыл-кыштактардан бери агылып келишкендер жарандарды тейлөөнүн ыкчамдыгына жана сапатына абдан эле ыраазы.
Матлюба МАМАЖАНОВА, Өзгөн райондук Аялдар Кеңешинин төрайымы, Баатыр Эне:
– Башыбыздан далай өтпөдүбү, эй! Жашырып не. Паспорт үстөлү Ички иштер министрлигине карап турганда, жемкорлук балакети аябай өөрчүгөн. Милицияга сураганын сөзсүз бербесең, ишиң эзели бүтпөйт эле. Азырчы? Баары мынтип ачык-айкын. Канча күнгө канча сом төлөйсүң, мобул эле тактайчада баары тең бадырайта жазылган. Ошондуктан, Өзгөн райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүндө иштегендер андан ашыкча акча сурай дагы алышпайт. Анткени, буларда ар тараптуу көзөмөл күч!
Төлөгөн ЖОЛДОШЕВ, 7-Апрель Ыңкылабынын Баатыры, эмгек ардагери:
– Мурун паспорт үстөлүндөгүлөр сураганын берсең деле, ишти сүйрөп жүрүшүп жалдыратып жатып араң бүтүрүшчү. Баамымда, азыр мындай жемкорлук дээрлик тыйылыптыр. Албетте, ушундай заманбап шарттын жаралышына – Өзгөн райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Урматбек Асанбековдун мээнети абдан чоң! Анткени, бул жигит мен билгенден Ош облусундагы эң чоң Кара-Суу райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүндө дагы абдан эле таза иштептир. Артынан дегеле жаман сөз ээрчиткен жок! Анан дагы кол алдына жалаң гана иштин көзүн билген, жүрөгү жана абийири таптаза кызматкерлерди топтоптур. Команда деп ушуну айт! Баары тең адегенде аны уят кылышпастан, анан эч камчы салдырбастан тегиз иштеп жатышат.
-Туруктуу кардарларыбызды – жарандарды жогорку даражада тейлеп жатканыбызга бүгүнкү паспорттоштуруу түйүнүнүн бүтүндөй автоматташтырылгандыгы дагы сонун ыңгай жаратты, – деп кепке аралашты Өзгөн райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Сагынбек ЭРМЕКБАЕВ.
– Ошентип, кыска аралыкта заман талабына жараша тейлөөнүн электрондук форматына жабыла көчтүк. Дал ушунун аркасында эзели түгөнбөгөн көйгөйүбүз – жемкорлук түп тамырынан дээрлик тыйылды. Анан, кудайга шүгүр, өзүбүз деле мекендештерибизден илгеркидей тил дагы жана каргыш дагы укпай калдык.
Өзгөн шаарына күүгүм кирди. Иңирде деле Өзгөн райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн дээрлик бардык бөлмөлөрүндө дагыле жарык күйүп турат. Бул мекемеде эмгектенишкендер бүгүн бүтпөй калган жумушун эртеңкиге жылдырышпастан, ушинтип жумуштан соң деле кадимкидей иштеп олтурушат.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК МИЛИЦИОНЕР ЗАМАТТА ҮЧ БАЛАГА АТА БОЛДУ
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ
-
28.04.2023 / Автор anarkan_kg ИИМдин 3 АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧА КОЛЛЕГИЯЛЫК ОТУРУМУ БОЛДУ
-
09.05.2023 / Автор anarkan_kg СОВЕТТЕР СОЮЗУНУН БААТЫРЫ ТУКУБАЙ ТАЙГАРАЕВГЕ 100 ЖЫЛ
-
30.05.2023 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНДА ӨЗГӨН РАЙОНУНДА ТӨРТ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛАТ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.