Аймак

ТАЖИКСТАНДА АЗЫК-ТҮЛҮК КЫМБАТТООДО

ТАЖИКСТАНДА АЗЫК-ТҮЛҮК КЫМБАТТООДО

 949 Бардыгы /

Тажикстанда соңку жумада азык-түлүктүн бардык түрү кымбаттады. Маселен, бир кап ун 205-230, картошканын килосу 3-5 сомониге (1 АКШ доллары 10,9 сомони) чейин сатылууда.

Соодагерлердин айтымында, буга доллардын курсунун жогорулашы, азык-түлүктү импорттоо кыскарганы себеп болду.

Тажикстанда бир жумада 100 доллар 970тен 1020 сомониге чейин кымбаттады.

Өлкө бийлиги шаарлардагы ири базарларда азык-түлүк жарманкелери ачылганын билдирүүдө. Тажикстанда адатта мындай жарманкелер майрам күндөрү бааны жөнгө салуу үчүн уюштурулуп келген.

Базар ээлери коронавирустан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу унга суроо-талап көбөйүп, бийлик бааны 10-15% төмөндөтүү үчүн жарманкелерди уюштурганын айтышууда.

Акыркы маалыматтарга караганда, коронавирус дүйнөнүн 196 өлкөсүнө жана аймагына тарады. Бирок коңшу Тажикстанда COVID-19 илдетине чалдыккандар расмий каттала элек. Ошол эле учурда чет өлкөлөрдөн учуп келген 1900 тажик жараны эки апталык карантинде жатат.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17